Президенттин мурдагы кеңешчиси УКМК тарабынан кармалды
RU

Президенттин мурдагы кеңешчиси УКМК тарабынан кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү 2 адам кармалды. Комитеттин маалыматында алар чет өлкөлүк инвесторлорду алдап, өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген деп шек саналууда.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо, ошондой эле ушуга окшош башка фактыларды табуу боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

УКМК шектүүлөрдүн аты-жөнүн толук жарыялаган жок. Бирок сүрөткө жана инициадарга караганда, кармалгандардын бири - Жаныбек Кубандыков. Ал буга чейин Садыр Жапаровдун кеңешчиси болгону айтылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17859