Маалымат катчы: Президенттин учурда бир эле кеңешчиси бар
RU

Маалымат катчы: Президенттин учурда бир эле кеңешчиси бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаровдун азыркы тапта коомдук башталыштагы бир эле кеңешчиси бар. Ал Binance криптовалюта биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао деп билдирет президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов.

Анын айтымында, "президенттин коомдук кеңешчиси" жана "президенттин коомдук жардамчысы" деген кызматта учурда Кыргызстандын жарандарынан эч ким жок.

"Садыр Жапаров милдеттерин коомдук башталышта аткарып жаткан кеңешчилери менен жардамчыларынын баардыгын 2024-жылы сентябрда Президенттин администрациясын реформалоо жана башкаруунун натыйжалуулугун арттыруунун алкагында бошоткон (коомдук башталыштагы 7 жардамчы жана коомдук башталыштагы 19 кеңешчи). Учурда президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Binance криптовалюта биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао гана (санарип активдери жана блокчейн технологиялары маселелери боюнча)", - деп түшүндүрдү Алагөзов.

Белгилесек, буга чейин Садыр Жапаровдун мурдагы кеңешчиси кармалганы коомчулукка маалымдалган. Ал шериги менен биргеликте чет элдик инвесторду алдаган деп шектелген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17876