Кызыл-Кыядагы окуучунун өлүмүнөн кийин 3 өспүрүм, 2 милиция кармалды
Баткендин Кызыл-Кыя шаарында окуучу муштум тийгенден кийин каза тапкан. Окуяга байланыштуу 3 өспүрүм жана 2 милиция кызматкери кармалганын Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.
Алардын айтымында, милиция кызматкерлери кызматтык милдеттерин жетиштүү аткарган эмес деп шектелүүдө. Айрым маалыматтарга караганда, окуя башталганга чейин милиция кызматкерлерине алдын алуу боюнча кайрылуу түшкөн, бирок өз убагында чара көрүлгөн эмес.
Ички иштер министрлиги милиция кызматкерлеринин кармалганын тастыктады.
Эске салсак, 27-майда Кызыл-Кыя шаарындагы сейил бакта эки окуучунун пикири келишпей, 16 жаштагы бала 17 жаштагы окуучуну чапкан. Соккудан кийин 17 жаштагы бала эсине келбей, кийин каза болгонун милициядан маалымдашкан. Окуучунун өлүмүнө шектелип 16 жаштагы өспүрүм кармалган эле.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

