Баткен облусунун башчысы окуучунун өлүмүн териштирүүнү жеке көзөмөлүнө алды
RU

Баткен облусунун башчысы окуучунун өлүмүн териштирүүнү жеке көзөмөлүнө алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кызыл-Кыя шаарында муштум жеп каза тапкан окуучунун өлүмүн териштирүү иштерин президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

"Облус башчысы Кызыл-Кыя шаарынын жетекчилигине жана облустун укук коргоо органдарына, окуяны дыкат териштирүү тапшырмасын берди", - деп айтылат маалыматта.

Белгилесек, 27-майда Кызыл-Кыя шаарындагы сейил бакта эки окуучунун пикири келишпей, 16 жаштагы бала 17 жаштагы окуучуну чапкан. Соккудан кийин 17 жаштагы бала эсине келбей, кийин каза болгон. Окуучунун өлүмүнө шектелип 16 жаштагы өспүрүм кармалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17905