КРдин эмгек сиңирген юристи: Бабановго каршы айыптоолор – абсолюттук түрдө укуктук абсурд
RU

КРдин эмгек сиңирген юристи: Бабановго каршы айыптоолор – абсолюттук түрдө укуктук абсурд

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

КРдин эмгек сиңирген юристи, адвокат Гуля Рыскулова экс-пермьер-министр Өмүрбек Бабановдун "Кумтөр" иши боюнча камакка алынышына жана Кыргызстандын элине жасаган кайрылуусу боюнча комментарий берди. Анын айтымында мындан мурун жарыяланган коррупцияга каршы чоң күрөш ири саясий террорго айланышы мүмкүн.

"Өмүрбек Бабановго коюлган айыптоолорду укуктук абсурд деп эсептейм. Бул иш объективдүү жана ар тараптуу иликтенип анын Кумтөрдүн тегерегинде түзүлгөн кырдаалга эч кандай тиешеси жоктугун далилдеп берет деп ишенгим келет", - дейт Гуля Рыскулова.

Рыскулованын айтымында, Өмүрбек Бабанов СИЗОдон жазган катында ага карата кылмыш-укуктук санкцияны колдонуу тууралуу чечимин чыгарып жатканда көптөгөн мыйзам бузуулар орун алганына көңүл бурган.

"Биздин "эр жүрөк" укук коргоочу органдарыбыз соттук системабыз менен биригип алып Садыр Жапаров жарыя кылган соттук жана укук коргоочу ишмердүүлүктүн реформасын кулатып, коррупция менен күрөшүүнүн ээфективдүүлүгүн жокко чыгарууну максат кылып алгандай өңдөнөт", - деп Гуля Аймановна редакцияга айтып берди.

Эмгек сиңирген юрист Соттук жана укук коргоо ишмердүүлүгүн жакшыртуу маселелери боюнча Кеңештин алгачкы жыйынын эскертти. Анда Садыр Жапаров соттун эффективдүүлүгүн, сапатын, адилеттүүлүгүн жана ачык-айкындыгын жогорулатып, адам укугун жана эркиндигин, ошондой эле ЖМКлардын сөз эркиндигин коргоо керектигин белгилеген.

"Чет элдик телеканалдардын бирине берген интервьюсунда Жапаров "коррупция менен күрөшүү – бул жык-жыйма толгон түрмөлөр эмес, бул укук коргоочу органдардын өзүм билемдик менен иш алып баруусу эмес. Бул бардыгына түшүнүктүү, жөнөкөй жана аткарууга мүмкүн болгон МЫЙЗАМДАР, алар бардыгы үчүн бирдей иштейт" деп айткан.

Президентибизден мындай сөздөрдү укканда аны ар тараптуу колдоп, бардык демилгелерине активдүү катышкым келет. Менимче, Кыргызстандын кайсы жараны болбосун ушундай эле позицияда турат. Бирок, мен коррупция менен күрөшүү саясий оппоненттерге каршы курал катары колдонулушуна караманча каршымын", - деп Рыскулова билдирди.

Республиканын эмгек сиңирген юристинин айтымында, бул багыттар боюнча эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, кылмыштык куугунтуктоого алып жатканда ар бир кадамды жана көздөлгөн максатты ЖМКлардын активдүү катышуусу менен жарандык коомго түшүндүрмө берип туруу зарыл. Антпесе, калк кандай болбосун камакка алууну же саясий ишкерлерге каршы кылмыш ишинин козголушун саясий куугунтуктоо катары кабыл ала берет.

"Судья ЖМКлардын процесске катышуусуна чектөө койгондун ордуна иш боюнча териштирүүнү максималдуу деңгээлде ачык өткөрсө болмок. Ал эми прокуратура эки айга камакка алынгандыгынын негиздемесин так жана даана бериш керек болчу", - деп эмгек сиңирген юрист Гуля Рыскулова билдирди.

Эске салсак, Өмүрбек Бабанов 31-майда күбө катары сурак берген. Суракка катыштыгы жок тергөөчү Бабановду эки күнгө камакка алган. Биринчи май райондук соттун тергөөчү судьясы ЖМКларды катыштырбастан жабык отурум өткөргөн. Андан тышкары Өмүрбек Бабановду камакка алуу мыйзмсыз экенин моюндагандан баш тартып, аны УКМКнын СИЗОсуна эки айга отургузган. Бабанов бул көрүнүштү мыйзамсыздык деп атады. Анын адвокаттары Бабановго каршы айыптоодо эч кандай далилдер жок экенин билдиришти. Экс-премьер 7-июнда, СИЗОдо отуруп кат жазган. Анда ага коюлган күнөө боюнча далилдерди келтирип, болуп жаткан көрүнүшкө "мааниси жок абсурд" деген мүнөздөмө берген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2004