Спортзалда (СИЗОдо эмес) машыгып жаткан Өмүрбек Бабанов. Видео.
RU

Спортзалда (СИЗОдо эмес) машыгып жаткан Өмүрбек Бабанов. Видео.

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактын колдонуучулары Өмүрбек Бабановдун спортзалда машыгып жаткан вилдеосун таратып жатышат.

Көпчүлүк бул кадрлар УКМКнын СИЗОсунда тартылды деген пикирде. Бардыгы Бабановдун камакта отурганына карабастан физикалык абалы жана ден соолугу жакшы экенин белгилешти.

Бирок, чынында Kaktus.media редакциясына билдиришкендей, бул видео Бабановдун үйүндө камакка алынганга чейин эле тартылган. Видеону анын жеке тренери Егор Шнайдер тарткан.

Эске салсак, Бабанов 31-майда "Кумтөр" иши боюнча УКМКга сурак бергенден кийин камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту Бабановдун эки айга УКМКнын СИЗОсуна кармаган. Бабанов "сот системасындагы мыйзамсыздык" деп аталган ачык катын жазып, ЖМКларга жарыялаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2169