Өмүрбек Бабановдун 52 тууганы Садыр Жапаровго кайрылышты. Толук тизме
RU

Өмүрбек Бабановдун 52 тууганы Садыр Жапаровго кайрылышты. Толук тизме

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Камакта күнөөсүз жатат, деп эсептеген Өмүрбек Бабановдун 52 тууганы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылуу жасашты.

Биз Сизге Конституциянын гаранты катары мыйзамдуулуктун сакталышы үчүн өз сөзүңүздү айтасыз деген, чоң ишеним менен кайрылып жатабыз!

Өзүңүзгө белгилүү болгондой Өмүрбек Бабанов "Кумтөр" маселеси боюнча негизсиз айыпталып камакка алынды. Өмүрбек Бабановдун Премьер-министр убагында "Кумтөргө" байланыштуу мыйзам бузуп, мамлекетке жана элге каршы кандайдыр чечимдер кабыл алган фактысы болсо аны эбак эле ачыкка чыгарышмак. Тескерисинче ал Өкмөт башчысы болуп турганда Данияр Үсөновдун Өкмөтү "Кумтөргө" берип койгон 16300 гектар жерди кайтарып алуу жөнүндө жана башка мамлекеттин кызыкчылыгындагы чечимдерди кабыл алганын Сиз деле жакшы билесиз деп ойлойбуз.

Кимдир бирөөлөргө жакпай күнөөсүз жерден күнөөлүү болуу азабын Сиз да өз башыңыздан өткөрдүңүз. Андыктан мунун жеке өзүңүз үчүн гана эмес, үй-бүлөңүз, ата-энеңиз, балдарыңыз жана бир туугандарыңыз үчүн канчалык оор экенин Сиз жакшы түшүнөсүз. Сиздин ата-энеңиз, жубайыңыз, балдарыңыз жана бир туугандарыңыз Сиздин ак жерден күйүп, камакта жатканыңыздын азабын аябай тартышкан. Азыркы учурда биз дагы - Өмүрбектин үй-бүлөсү, бир туугандары жана жакындары мына ушундай абалда турабыз.

Мамлекетибиздин Баш мыйзамы – Конституциянын гаранты катары Сизден Өмүрбек Бабановго карата "Кумтөр" маселеси боюнча айыптоолордун мыйзамдын негизинде каралып, адилет чечим чыгышына жана камактан бошотууга таасир этүүңүздү өтүнөбүз.

Урматтообуз менен Өмүрбек Бабановдун үй-бүлөсү жана бир туугандары:

  • Бабанов Согушбек
  • Бабанова Зууракан
  • Мырзабаев Сагадылда
  • Мырзабаева Падышайым
  • Бабанова Сейиль
  • Бабанова Кынабу
  • Бабанов Көпжашар
  • Бирбаева Рита
  • Бабанов Нурэмир
  • Кангелдиев Санжар
  • Бабанова Айпери
  • Нурбаев Турсун
  • Нурбаев Улан
  • Нурбаев Куан
  • Ахметов Абдрасил
  • Бабанова Мейил
  • Мырзаев Данияр
  • Бабанова Ая
  • Мырзаев Нурсултан
  • Бабанова Бакыт
  • Бабанова Замира
  • Нарматов Судияр
  • Бабанова Айгуль
  • Бабанова Эльмира
  • Бабанова Жадыра
  • Бабанова Зарина
  • Бабанова Мээрим
  • Бабанова Бурул
  • Токтогулова Инаят
  • Бабанова Айнура
  • Шабданбек уулу Кубанычбек
  • Айманбаева Асель
  • Мырзабаев Жаныбек
  • Сагадылда уулу Айдарбек
  • Мырзабаев Канатбек
  • Байсалдаева Айжан
  • Сагадылдаева Айбийке
  • Кудукеев Медер
  • Чокоев Сыргак
  • Сатиева Азима
  • Кагаздиева Салия
  • Муратбеков Айдарбек
  • Тулекабылов Токтогул
  • Торокулов Ыскак
  • Ормоно Бекболот
  • Эшенкулов Алмаз
  • Эшенкулов Сыргак
  • Эшенкулов Нурбек
  • Эшенкулов Мирбек
  • Торокулов Азизбек
  • Торокулов Айдарбек
  • Ормонов Мирболот
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2133