Бабановдун иши жана "Ала-Тоо Финанс". Агенттик түзүлгөндө Акылбек Жапаров эмне деген?
RU

Бабановдун иши жана "Ала-Тоо Финанс". Агенттик түзүлгөндө Акылбек Жапаров эмне деген?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабановду камакка алгандан кийин дароо эле "Ала-Тоо Финанс" микрокредиттик агенттиктин ишмердүүлүгүн эстешти. Версиялардын бири боюнча тергөө мекеменин ишмердүүлүгүндөгү мыйзам бузууларды министрлер кабинетинин мурунку жетекчисине илип койгусу бар.

Эске салсак, "Ала-Тоо Финанс" МКАсы Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдында, өкмөттүн "Калкты иш менен камсыз кылуу жана жакырчылыкты азайтуу чаралары боюнча" токтомунун алкагында түзүлгөн болчу. Токтомго ошол кезде премьер-министр болуп турган Өмүрбек Бабанов кол койгон.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, агенттиктин башкы максаты жакырчылыкты азайтуу жана калкты иш менен камсыздоого көмөктөшүү, аз камсыздуу үй бүлөлөрдүн шарттарын жакшыртуу.

Компаниянын уставдык капиталы "Кумтөр голд компани" ЖАКтын $21 млн (2012-жылдагы курс боюнча эсептегенде - болжол менен 983 млн сом) демөөрчүлүк жардамынын негизинде калыптанган. Насыялардын жылдык пайызы - 7%. 2012-жылдын 10-майында Жалал-Абад облусунда алгачкы микрокредит берилип, сентябрь айына чейин, өлкө боюнча 13,5 миң залогу жок кредит берилген болчу.

Кредиттерди берүү керектөө максаттарына эмес, конкреттүү долбоорлорго деп басым жасалган. Өсүмдүк өстүрүү, мал багуу, мөмө жемиштерди иштетүү, кичи өндүрүштү уюштуруу, кол өнөрчүлүк, соода жана тейлөө багыттарына приоритет коюлган.

Агенттик ишин баштаардын алдында Улуттук банк жаңы микрокредиттик агенттикти түзүү пайызык чендин төмөндөшүнө алып келе турганын айтышкан. Анткени кредиттик ресурстарга болгон суроо-талап жогору, өзгөчө айыл чарба тармагында.

Агенттиктин өмүрү кыска болду - болгону төрт ай. Ушул бир нече айда "Ала-Тоо Финанс" Кыргызстанда жакырчылык менен күрөшкөн эң ири мамлекеттик долбоорго айланды. "Ала-Тоо Финанстын" ишмердүүлүгү Бабанов отставкага кеткенден кийин бир нече күндүн ичинде блокко салынган.

2013-жылы Россиялык ЖМКларга берген интервьюсунда өзүнүн премьер-министр болуп турган кезиндеги иши тууралуу айтып берип, жаңы өкмөт (Жантөрө Сатыбалдиев премьер-министр болуп дайындалган - Kaktus.media. ред) ал баштаган иштерди улантпай, бир топ долбоорлор тоңдурулганын билдирген.

"Аз камсыздалган үй-бүлөлөрдү колдоого алуу үчүн "Ала-Тоо Финанс" микрокредиттик компанияны негиздеп, бюджеттен тышкары "Кумтөрдөн" 1 миллиард сом тартып келгенбиз. Ошону менен аз камсыздалган үй-бүлөлөргө 50 миң сомдон насыя берилип, өздөрүн иш жана киреше менен камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Мен иштеп турган учурда 13 миң 500 насыя берилип, болжол менен 30 миңге чукул адамды камтыган. Бирок жаңы өкмөт келээри менен долбоор дароо токтотулду", - деп Бабанов айтып берди.

"Ала-Тоо Финанстын" кредиттерди кайтарып берүүсү 100%ды түзгөн. Эсеп палатасы аудит жүргүзүп, эч кандай олуттуу мыйзам бузууларды аныктаган эмес. 2013-жылдын сентябрь айында компанияны ликвидациялоо чечими кабыл алынгандан кийин "Ала-Тоо Финанстын" 914 млн сому "Айыл Банкка" өткөрүлүп берилген. Башкача айтканда "Кумтөр голд компани" демөөрчүлүк катары бөлүп берген баштапкы сумма толугу менен мамлекеттик бюджетке кайтарылган. "Ала-Тоо Финанстын" ишмердүүлүгүнө жана кызматкерлердин айлыгына сарпталган каражатты эске албаганда.

Белгилей кетсек, "Ала-Тоо Финанс" иштеп турган чакта Акылбек Жапаров финансы министри болчу. Ал агенттиктин ишмердүүлүгүнө сын айтып, дегеле "Кумтөр" каржылаган бардык долбоорлорду жактырчу эмес.

Жапаров өкмөттүн башка мүчөлөрү менен биргеликте мындай уюмду түзүү демилгесин колдогон. Жогорку Кеңеште башка депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, бөлүнгөн каражат мыйзам чегинде мамлекеттик бюджеттин кирешесине киргизилгенин жана өкмөт аны муктаж үй бүлөлөргө микрокредит катары берүүгө багыттоо чечимин кабыл алынганын айткан.

"Эмгек министрлигинде жумушу жокторго займ берген микрокредиттик уюм бар болчу. Ага чейин 70 млн сомго чукул берилген. Аларда ар бир айыл өкмөтүндө кредит берүү боюнча жакшы ыкмалары бар, ошондуктан өкмөт ушундай чечим кабыл алды. Өкмөттөгүлөрдүн көбү бул демилгени колдошкон, компанияны кеңейтип, жаңы менеджмент дайындап, ошол аркылуу кредит берүү керектигин айтты", - деп ошондо Жапаров айткан болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2283