"Качып кетпейт". Депутат башпрокурордон Бабановдун жазасын алмаштырууну суранды
RU

"Качып кетпейт". Депутат башпрокурордон Бабановдун жазасын алмаштырууну суранды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Кенжебек Бокоев генералдык прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, Өмүрбек Бабановду жазага тартуу чарасын өзгөртүүгө көмөктөшүп коюну суранды.

30-июнда, Жогорку Кеңеште өткөн жыйында баш прокурорго кайрылып, анын калыс боло турганынан үмүт артып жатканын айтты. "Сиз Садыр Жапаровдун, Камчыбек Ташиевдин, биздин спикер Талант Мамытовдун судьясы болуп турган кезде, саясий чечим кабыл алып, аларды актагансыз. Азыркы тапта мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөп жатасыз. 80 депутат Бабановду жазага тартуу чарасын өзгөртүү боюнча ходатайсвого кол коюшту. Бир айдын ичинде бир да жолу сурак өткөрүлгөн жок. Алгач камакка алып, андан кийин айыптоого негиз издешүүдө. Тергөөчүлөр жазалоо чараларын жана прессингди колдонуп жатышат", - деди Бокоев.

Анын айтымында, мындай көрүнүш Зулушев судья болуп турган кезде деле бар болчу.

Бирок, бир да тергөөчү же прокурор мыйзамсыз иш козгоп же айыптагандыгы үчүн камакка алынган жок. Бирок 300го жакын адамды соттор жыл сайын актап чыгышат.

"Мамлекеттик каналдар Өмүрбек Бабановду каралап жатышат. Ошондуктан сизге жана президентке кайрылып, маселени жеке контролго алууңарды суранам. Ал төрт жолу депутат болуп, эки жолу вице-премьер-министр, премьер-министр, партиянын лидери болгон. Аны менен сиз Жогорку Кеңешке келдиңиз. Эмне үчүн аны үй камагына чыгарбай жатышат? Качып кетпейт го", - деди депутат.

Зулушев жазага тартуу чарасы тууралуу чечимин сот кабыл алат, деп жооп берди. "Тергөөчүлөр иш бүткөндөн кийин гана бизге материалдарды алып келишет", - деп Зулушев кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2315