Атамбаев менен Карамушкина сотко келүүдөн баш тартышты. Себеби
RU

Атамбаев менен Карамушкина сотко келүүдөн баш тартышты. Себеби

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев айыпталып жаткан соттук териштирүү уланууда.

Сот башталаар алдында катчы Атамбаев сотко келбегенин айтты. Экс-президент ооруп жаткандыгы үчүн соттук териштирүүгө келе албай турганын билдирген.

Ирина Карамушкина да ооруп калганын айтып, келген эмес. Андан тышкары башка айыпталуучулардын бир нече адвокаттары келген жок.

Судья Азирет Медеров айтылган адамдар жоктугуна байланыштуу тарапташтарынын пикирин угууну чечти.

Тынымсеитовдун кызыкчылыгын коргогон адвокат Султанов айыпталуучулар айыкканча, сотту толугу менен токтотуп турууну сунуштады.

Ал эми Замир Жоошев Атамбаевдин ишин өзүнчө сот өндүрүштө бөлүп кароону суранды.

Дагы бир адвокат Арман Кыйгырова ишти жок дегенде бир жумага жылдырууну өтүндү, анткени жактоочусун коргоого жаны эле киришкен.

Бирөөсү бул иште таптакыр өлкөдө жок айыпталуучулар Аскарбек Шадиев менен Албек Ибраимов да бар экенин кабарлады.

"Жөн эле чогула бербей, бул маселени чечишибиз керек. Атамбаев ооруп жатат, кээ бир айыпталуучулар такыр жок. Ушунтип уланта берсек, убакытты текке кетиребиз", - деди жактоочу.

Башка жактоочулар соттон жаңы адвокаттардын иши менен таанышуу үчүн сот отурумду кийинкиге жылдырууну суранышты. Ал жерде 90 том бар. Бир жума жетишсиз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3798