Кой-Таш боюнча сот: Алмазбек Атамбаев камерадан чыкпай койду
RU

Кой-Таш боюнча сот: Алмазбек Атамбаев камерадан чыкпай койду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Биринчи май райондук соту Кой-Таш окуялары боюнча соттук териштирүүнү улантууда. Негизги айыпталуучу Алмазбек Атамбаев.

Сот башталаарда Атамбаев конвой менен сотко жеткирилбегенин билдиришкен.

Азирет Медеров мурунку президенттин билдирүүсүн окуду - Атамбаев сот отурумуна онлайн режимде башкача айтканда видео-байланыш аркылуу катышуудан баш тартып жатат.

"Мен жана менин адвокаттарым, мындай режимди мыйзамсыз деп эсептейбиз", - деп судья айыпталуучунун билдирүүсүн окуду.

Андан тышкары, мурунку президент ден соолугунун абалына байланыштуу сот отурумун ансыз деле өткөрө берүүну суранган.

Конвоирлер судьяга Алмазбек Атамбаев камерадан чыгуудан баш тартты деп билдиришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3769