Убадалар аткарылдыбы? Жапаров менен Ташиевдин бийликке келгенине бир жыл
RU

Убадалар аткарылдыбы? Жапаров менен Ташиевдин бийликке келгенине бир жыл

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 5-октябрда, саясий кырдаалды түп тамырынан бери өзгөрткөн октябрь окуясына туура бир жыл толду. Садыр Жапаров боштондукка чыгып, Ташиев экөөнүн бийликке келгенине дээрлик бир жыл болду.

Алар башкаруунун башталышында элге кандай убадаларды бергенин жана бир жылдын ичинде канчалык ишке ашырылганын эстейбиз.

Люстрация

Октябрь окуясында Жапаровдун тарапташтарынын митингдеринде эң көп люстрация талабы айтылган.

"Бул талапты аткарам. Бирок, пландардын бардыгын жалгыз аткаруу кыйын. Андыктан мага сиздердин колдооңуздар керек болот", - деген Жапаров өз тарапкерлерине.

Жыйынтыгы: министрлер кабинетинин курамы дээрлик өзгөрүүсүз калды. Анда ошол эле Бакиевдин, Атамбаевдин жана Жээнбековдун тушунда иштеген чиновниктер бар.

Саясий куугунтук болбойт

Мамлекет башчы мындан ары Кыргызстанда саясатчыларды куугунтуктоо болбойт деп ишендирген.

"Эгерде, куугунтуктар болгон болсо, анда шайлоодо менин гана оппонентим эмес (Абдил Сегизбаев. - Kaktus.mediaсайтынын божомолу), ал жерде 15-16 талапкер болгон. Биз эч кимди, анын ичинде мурдагыдай журналисттерди куугунтуктаган жокпуз", - деген ал "Азаттыкка" берген маегинде.

Камчыбек Ташиев да ушундай эле убада берген.

"Мындан ары эч качан саясий куугунтук болбойт. Биз коомду ушундан тазалайбыз. Ар бир саясатчы жана бардык жаран мыйзамдын чегинде өз пикирин билдирүүгө укуктуу", - деген.

Жыйынтык: убада бергенден бир нече ай өткөндөн кийин, Ташиев Кыргызстанда саясий туткундар жок экенин, бирок, кылмыш жазасы үчүн жоопкерчиликке тартылгандар бар экенин айткан. Барган сайын алардын саны көбөйүп жаткандай.

Саясатчылар ар кандай кысымдарга жана куугунтукка кабылганын айтып, даттанууларын улантууда. Кээ бир учурларда кылмыш ишин козгоо шектүү фактыларга негизделген. Мисалы, социалдык тармакка чыгып кеткен аудио жазуу же маданият ишмерлеринин арызы.

Сөз эркиндиги

11-январда, президенттик шайлоодон кийин, Жапаров журналисттерге сөз эркиндигин коргоону убада кылган.

"Мен, өзүм сөз эркиндигин коргоого кызыктармын", - деп аны сөзсүз коргоого аракет кылаарын билдирген.

Жыйынтык: Азыркы бийликтин тушунда сөз эркиндигине каршы тенденция башталды. Президент фейк аккаунттарды жабуу боюнча мыйзамга кол койду. Бирок, юристтер жана медиа эксперттер бул мыйзам долбоору фейктерге каршы күрөшүүгө салым кошпой, тескерисинче, цензура катары кызмат кылаарын белгилешүүдө. Бул мыйзам эркин басма сөз үчүн түздөн-түз коркунуч жаратат.

Жаш профессионал кадрлар келет

Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин "жаш, таза, коррупцияга аралашпаган, чынчыл жаштарды алып келебиз" деп айткан. Шайлоо учурунда ал бул убадасын бир эмес, бир нече жолу кайталаган.

Иш жүзүндө: жыл ичинде эч кандай жаңы жаш кадрлар дайындалган эмес. Ал эми калгандары тигил же бул жол менен мамлекеттик администрациядан кетип жатышат. Мисалы, Айыл чарба министрлигине 30 жаштагы Тилек Токтогазиевдин ордуна 1964-жылкы Аскарбек Жаныбеков келген.

Президенттин жакындарына бийликке жол берилбейт

Жапаров туугандарынын бийликке келишине жол бербей турганын убада кылган. Бул бираз чындыкка жакыныраактай сезилет. Анткени анын туугандарынын эч кимиси жогорку кызматтарга дайындалган эмес. Бирок, кудалары менен андай болгон жок.

Жыйынтык: Кудасы Таштанбек Каймазаров октябрь окуясынан кийин Мамлекеттик миграция кызматын жетектеген. Ал эми Турусбек Түмөнбаев "Унаа" мамлекеттик ишканасынын башчысы болуп дайындалган. Ал жакында эле, чуудан кийин кызматтан четтетилди. "Унаа" мамлекеттик ишканасынын жарым миллиардга тендерин анын кызынын компаниясы утуп алганы белгилүү болгон.

Коррупционерлер камалат

Садыр Жапаров коррупция менен күрөшүү боюнча бир канча жолу айткан. Ташиев дагы бул тууралуу көп сөз кылган.

"Биз коррупционерлерди жөн койбойбуз. Бул маселени мыйзам чегинде чечебиз. Коррупционер кармалса, мамлекет үчүн андан көп нерсени алабыз. Мурда алар сотторго миллионду берип, боштондукка чыгарылса эми андай болбойт ", - деп УКМКнын башчысы убада кылган.

Жыйынтык: коррупционер чиновниктер бактылуу жашап жатышат. Райымбек Матраимов 260 миң сом айып пул төлөп, бажыдагы коррупциялык схемалардан бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүү менен бошотулган.

Жалпылап айтканда, Ташиев "кустуруу" саясатын жүргүзуп жатат. Тагыраагы келтирилген чыгымдардын ордун төлөттүрүп боштондукка чыгарат. Бирок, бул ыкма канчалык мыйзамдуу жана эффективдүү - бул башка суроо.

Ишкердикти коргоо

"Басып алууларга жол бербейбиз. Улутташтыруу соттун чечими менен гана ишке ашат. Жакында бизге көптөгөн инвесторлор келет деп ойлойм. Аларга шарт түзүп беребиз, эми мурдагыдай эч ким пара сурабайт", - деп Ташиев ишендирген.

Жыйынтык: Эл аралык ишкерлер кеңеши жана башка институттар билдиргендей 2020-жылдын октябрь окуясынан кийин бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү, анын ичинде бизнес-омбудсмен, укук коргоо органдарынын бизнеске болгон кысымы кескин жогорулаган.

Контрабанда жөнүндө

Жапаров менен Ташиев жаңы бийлик контрабандалык схемаларды токтотот жана бажыны коррупциядан тазалайт деп бир нече жолу убада беришкен.

"Биздин чек арада аткезчилик көп болгон, эми андай болбойт. Мен муну жеке өзүм көзөмөлгө алам. Бирөө бекер өтөт, ал эми кимдир бирөө 4 миң доллар төлөйт - мындай болбойт", - деп Ташиев убада кылган .

Жыйынтык: УКМК контрабандалык товарлардын партиясын токтотуу жана бажы кызматкерлерин кармоо боюнча дайыма отчет берип турат. Мындай күрөш канчалык системалуу экенин айтууга эрте.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3779