Кыргызча деле эптей албайт экен. Токмоктун мэринин дагы бир видеосу чыкты
RU

Кыргызча деле эптей албайт экен. Токмоктун мэринин дагы бир видеосу чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өткөн жумада социалдык тармактарда Токмок шаарынын мэри Урмат Самаевдин мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктаган видеосу чыккан. Анда ал орус тилинде текстти окуп, айрым комментарий жазгандар, "орус тилин мыкты билүүгө милдеттүу эмес" деп жазышкан болчу.

Kaktus.media редакциясына окурмандар дагы бир видео жөнөтүшкөн. Анда Урмат Самаевдин ошол эле иш чарада кыргыз тилинде куттуктоо сөзүн айтып (окуп) жатканын көрүүгө болот.

Урмат Самаев деген ким?

Белгилей кетсек, Урмат Самаев 35 жашта. 2012-жылы, 28 жашында юриспруденция багытында жогорку билимин алган. Токмоктун шаардык кеңешинин депутаты болгон, Чемпион деген каймана аты бар.

2016-жылы ызы-чуу салып Чолпон Эсенамованын мандатын алып "Кыргызстан" фракциясынан депутат болгон. Тартип сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияны токтотуу комитетине мүчө болуп кирген. Парламентте өтөмө аз сүйлөчү, анын депутат экенин кеңири коомчулук билчу да эмес. 2019-жылы криминалдык жаңылыктардан аты чыгып, Казкстандын чек арасында контрабандисттер атышып, ага Самаевдин да тиешеси бар деген имиштер жүргөн. Бирок бул иш жабылган.

2020-жылдын октябрь айында "Мекеним Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен парламентке өтүү аракетин көргөн. Башаламандыктар жүрүп жаткан кезде Самаев өлкөнүн жаңы жетекчилигин кызуу колдоп жүрөт деп айтылчу. Аида Касымалиева Садыр Жапаровдун премьер-министр болуп дайындалышына каршы чыккандарды Самаев коркутуп жатат деп бидирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3850