Экс-министрдин тууганы "фарммафия" иши боюнча камакка алынды
RU

Экс-министрдин тууганы "фарммафия" иши боюнча камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызмат адамдарынын, ошондой эле фармацевтикалык компаниялардын кошумча коррупциялык фактыларын аныктады. Бул тууралуу ведомоствонун басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, мурунку Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин туугандарынын бири "С.Ж.К." дары-дармек менен камсыздоо департаментинде дары-дармектерди каттоо жана кайра каттоону мыйзамсыз тездетүү максатында, министрликтин кызмат адамдарына пара берүү жолу менен фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыктарын колдогондугу жөнүндө далилдер алынды.

Азыркы учурда "С.Ж.К." карата Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тергөө аяктаганга чейин КР УКМК тергөө камак жайына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.

Белгилей кетсек, мындан мурун УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев фрмацевтикалык мафия жөнүндө кеп кылып, Саламаттыкты сактоонун мурунку министри Космосбек Чолпонбаевдин атын атаган.

"Бул финансылык мафияга кирет. Бул жерден дары-дармек менен камсыздоо деген департамент өз милдетин аткарбастан, кылмышкерлер менен биригип алып туруп, элдин канын соруп атышат. Мамлекет өз функциясын аткара албай калган. Булар тескерисинче ошолорго кошулуп алып, дарынын кымбаттыгын камсыздап, финансылык мафияны түзүшкөн. Бүгүнкү күндө, УКМК фарм-мафияны толугу менен көзөмөлгө ала баштаган. Үч-төртөө СИЗОдо отурат. Бул чек эмес. Биз адистерди гана кармадык, эми Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилигине да жетебиз. Бир катар депутаттар мурунку депутаттардын фармкомпаниялары бар. Мурунку министр Космосбек Чолпонбаевдин карындашынын да фарм-мафиясына тиешеси бар, алар министрликтин деңгээлине чыгарып алышкан. Октябрь ичи дары-дармекке болгон баа кескин төмөндөйт", - деп Жогорку Кеңештин жыйынында айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3927