Камчыбек Ташиев: ОПГнин бир мүчөсү баш көтөрсүн, башын жанчыйбыз
RU

Камчыбек Ташиев: ОПГнин бир мүчөсү баш көтөрсүн, башын жанчыйбыз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Уюшкан кылмыштуу топ жана фармакологиялык мафия менен күрөшүү тууралуу айтып берди.

13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы министрлер кабинетинин курамы талкууланып, депутат Шайлообек Атазов "фарм-мафия жана бензин мафиясы менен" күрөштү баштоону суранды, алар наркобарондон ашып түштү, деди Атазов.

Ташиев буга чейин түштүктө өзүнчө мафиясы бар, түндүктө өзүнчө мафисы бар болчу, деди.

"Кылмышкерлер мамлекетибизди ороп алган эле. Керек болсо, мамлекеттик кызматкерлерге, депутаттарга, ммлекеттик ишканаларга кол сала башташкан. Бүгүнкү күндө андай жок. Азыр уюшкан кылмыштуулуктун бир мүчөсу башын көтөрсүн, башын жанчыйбыз", - деди комитеттин жетекчиси.

Атазов фарм-мафия жөнүндө кеп кылып жатканын тактады.

"Бул финансылык мафига кирет. Бул жерден дары-дармек менен камсыздоо деген департамент өз милдетин аткарбастан, кылмышкерлер менен биригип алып туруп, элдин канын соруп атышат. Мамлекет өз функциясын аткара албай калган. Булар тескерисинче ошолорго кошулуп алып, дарынын кымбаттыгын камсыздап, финансылык мафияны түзүшкөн. Бүгүнкү күндө, УКМК фарм-мафияны толугу менен көзөмөлгө ала баштаган. Үч-төртөө СИЗОдо отурат. Бул чек эмес. Биз адистерди гана кармадык, эми Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилигине да жетебиз. Бир катар депутаттар мурунку депутаттардын фармкомпаниялары бар. Мурунку министр Космосбек Чолпонбаевдин карындашынын да фарм-мафиясына тиешеси бар, алар министрликтин деңгээлине чыгарып алышкан. Октябрь ичи дары-дармекке болгон баа кескин төмөндөйт", - деди Камчыбек Ташиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3892