Джакупова: Бизге чыдай тургула деп коюп, өздөрү жыргап жашап жатышат
RU

Джакупова: Бизге чыдай тургула деп коюп, өздөрү жыргап жашап жатышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Адилет" укуктук клиниканын жетекчиси, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Чолпон Жакупова 1,5 айдан кийин "Ала-Арча" №1 мамлекеттик резиденциянын ишмердүүлүгү тууралуу катына жооп алган.

Kaktus.media'га берген маалыматына ылайык, жооп 92 беттен турган документ катары жөнөтүлгөн. Бирок андагы маалымат ал берген негизги суроолорго жоопту камтыбайт.

Учурда резиденцияда кимдер жашайт, деген суроого, президенттин администрациясы мамлекет башчысынын буйругуна ылайык, кызматтагы адамдардын тизмеси бекитилгенин билдирди, бирок ага "кызмат үчүн колдонуу" грифи коюлган.

"2016-жылга чейин маалыматтын бардыгы ачык болчу. Ал кезде резиденцияда президент, премьер-министр, спикер, Жогорку соттун төрагасы жана алардын үй-бүлөлөрүнүн жашоосуна уруксат берилчү. Андан тышкары мамлекеттик күзөт кызматы менен да камсыздалчу. Бирок 2016-жылы өзгөртүүлөр киргизилип, тизмеге кирген адамдардын саны кеңейтилип, документтин статусу өзгөртүлгөн", - дейт Жакупова.

Биз президенттин администрациясына бул тизмени ачык эле кылууну сунуштайбыз. Бул логикага да акылга да туура келет. Эгер бардыгы президенттин кайда жашаганын билсе, андан төмөнкү кызматта отургандар эмнеден коркушат? Бийлик канчалык ачык болсо, элдин ага болгон ишеними ошончолук жогору болот.

Андан тышкары резиденциянын чыгашалары тууралуу суроо да жөнөтүлгөн. Жакупованын айтымында, эл бюджеттик каражаттын кайда сарпталып жатканын билүүгө акысы бар, анткени кызмат адамдары элдин акчасына жашашат.

Жиберилген жоопто президенттин мамлекеттик кепилдиктерин камсыздоого 5 млн 196 миң сом бөлүнгөн, деп жазылган. Бул чынында, нормалдуу, анчалык көп эмес. Айтылган суммадан президенттин өзүнө 3 млн 429 миң сом коротулат

"Ошол эле учурда президенттин администрациясы башка кызматтагы кишилердин чыгымына канча каражат кете турганын айтуудан баш тартып жатат. Эсиңерге сала кетсек, жалпы бир жылдык чыгаша 111 млн 616 миң сом. Бул суммадан президентке тиешелүу каражатты кемитсек, дагы 108 млн 187 миң сом калып жатпайбы, башкача айтканда чыгымдардын дагы 97%ы. Администрация берген маалыматка ылайык, кызматтагы адамдар: суу, электр энергиясы, таштанды деген сыяктуу коммуналдык кызматка өздөрү төлөшөт. Ошондо калган акча кайда кетип жатат", - деп Жакупова суроо салды.

Бирок мамлекеттик резиденция өзүнүн территориясында расмий эмес иш чараларды өткөрүп, кошумча каражат таба турганын да эстен чыгарбаш керек. Президенттин администрациясы берген жоопко ылайык, 2020-2021-жылдары ал жакта 38 расмий эмес иш чара өткөрүлүптүр.

Тилекке каршы, ыңгайсыз суроолорубузга жооп ала алган жокпуз. Биз бардык маалыматтын ачык-айкын болуусуна үндөйбүз. Ушак-айың так маалымат жок жерде пайда болуп, шек саноолор көбөйөт. Бизге дагы кичине чыдай тургула деп, өздөрү биздин эсебибизден жыргап жатышат.

"2010-жылдан бери мамлекеттик резиденцияга бөлүнгөн каражат жыл сайын көтөрүлүп жатат, ал эми өлкө жакырчылыкта өмүр сүрүүдө. Аларда үй, машине, күзөт кызматы, айдоочулары бар. Батыш өлкөлөрүндө бул персоналдык пенсия сыяктуу эле коррупция деп саналат. Өмүр бою иштеп канча акча тасаң, канчасын карылыкка бөлүп койсоң, ошончо аласың. Калкыбызга үлгү болуп бергилечи, силре да белди бекем бууп жашаганыңарды көрсөткүлөчү", - деп экс-депутат бийликке кайрылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3996