Фарияд Ниязов президент менен УКМКнын төрагасы Жээнбековду колдойт деп айыптады
RU

Фарияд Ниязов президент менен УКМКнын төрагасы Жээнбековду колдойт деп айыптады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

КРдин президенттин экс аппарат-жетекчиси Фарид Ниязов УКМКнын СИЗОсунда отуруп, кезектеги кыргызстандыктарга кайрылуусун жазган. Анда октябрь окуялары боюнча соттук процесске сын айтылат.

Катты Kaktus.media редакциясына саясатчынын жакындары алып келип беришкен.

Ниязовдун пикири боюнча, азыркы бийлик ушул сот процесси менен өздөрүнүн контрреволюциясын актагысы бар. 2020-жылдын октябрь айындагы окуялар боюнча тергөө көтөрүлүп чыккан элди айыптоочу жана Сооронбай Жээнбековду колдоочу мүнөздө жүргүзүлгөн.

"Ушунусу менен алар өткөн жылы бийлик үчүн болгон күрөштө Садыр Жапаровду колдогону үчүн Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдирип жаткандай. 9-октябрда Ала-Тоо аянтында өткөн тынчтык митингин чачыратууну Жээнбеков уюштурган. Жапаровдун премьер-министр болуп дайындалышын да ал камсыздады. Экөө тең корко турган жалпы бир душманы бар эле. Ошондуктан алар Алмазбек Атамбаевди, Фарид Ниязовду, Канат Сагымбаевди, Өмүрбек Бабановду соттошту", - деп Ниязов жеке оюн билдирди.

Эл октябрь окуяларына алып келгендер деп Жээнбековдорду (Сооронбай менен Асылбек) жана аларга жакын саясий партиялар "Биримдик" менен "Мекеним Кыргызстанды" айыптап жатат.

Ниязовдун айтымында, жаңы бийлик аларды баш аламандыктарды уюштурду деп айыптап, андан тышкары жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоо өткөрүү үчүн мамлекет короткон миллиард сомдон ашык каражаттын ордун толтурууну талап кылышы керек болчу.

"Бирок, эмнегедир реалдуу күнөөлүүлөрдү соттогондун ордуна, оппозициялык саясатчыларды: Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов, Темирлан Султанбековду соттоп жатышат. Бизге коюлган айыптардын бардыгы жашырылбаган эки жүздүүлүгү, айыптоочу актынын тексти - юридикалык сабатсыздыгы менен таң калтырууда", - деп Ниязов өз катында жазган.

Саясатчы президент Садыр Жапаровдун өзү тууралуу да кеп козгоп, бир жыл мурун болгон окуяларды үчүнчү революция деп атап, кийин октябрь окуялары деп айтып калганын белгиледи.

"Жакынкы кайрылуусунда президент, эркиндикке жана адилеттүүлүккө умтулган Кыргызстандын эли Сооронбай Жээнбековду тактыдан алып түштү, деп айткан. Бирок Башпрокуратуранын айыптоочу актыларында Садыр Жапаров суктанган митингчилер тергөө аныктай албаган кылмышкерлер, ал эми октябрь окуялары - массалык баш аламандыктар деп аталган", - деп айыптоо актындагы деталдары менен Ниязов бөлүштү.

Ошондой эле ал, башпрокурор Зулушев мамлекет башчысына каршы чыкпайт деген божомолдорун айтты. Ниязовдун оюу боюнча, бул прокурорлордун саясий буйруктарды кынтыксыз, өз алдынча ойлонбой туруп аткаруунун кезектеги мисалы.

"Кылмыш ишинин 99 томунда биздин күнөөбүздү тастыктоочу бир да далил жок. Материалдардын чоң бөлүгү 6-октябрга караган түнү жабыркаган 1 020 милиция кызматкерлеринин соттук-медициналык экспертизалары түзөт. Ошол эле учурда жабыркаган жарандар тууралуу маалымат өтө аз, а бирок жаракат алган жарандар күч структураларына караганда кыйла көп болгон. Түшүндүрмөсү жөнөкөй: аларды коркутуп, үркүтүүгө алышкан, ошондуктан алар массалык түрдө доо менен кайрылуудан баш тартышкан. Ушул күнгө чейин тергөө Үмүтбек Алтынбек уулун ким өлтүргөнүн аныктай албаганы да таң калыштуу эмес", - деп Ниязов октябрь окуясына байланыштуу иш боюнча бөлүштү.

Иштин протоколунда Садыр Жапаровдун, Камчыбек Ташиевдин жана алардын тарапташтарынын суракка алынуусунун протоколдору жок экенин Ниязов баса белгиледи.

Бул кылмыш иши башка саясий процесстердей эле эртели кеч жөн гана урап түшөт дегенде күмөнүм жок.

Ниязов прокурорлор жана судьялар бул ирет суудан кургак чыгып кете албастыгын кошумчалады, анткени Кыргызстандагы мурунку жана азыркы саясий туткундардын саны критикалык көрсөткүчкө жеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3961