Камчыбек Ташиев кайда жашайт жана Атамбаевдин буга кандай тиешеси бар?
RU

Камчыбек Ташиев кайда жашайт жана Атамбаевдин буга кандай тиешеси бар?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын төрагасы кандай унаа минип жүргөнүн жакшы билебиз. Жакында Камчыбек Ташиев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бизге анын кайда жашаганы кызык.

Kaktus.media' белгилүү болгондой, ал №1 "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында, анан туш келди бир үйдө эмес, буга чейин президент Алмазбек Атамбаев жашаган үйдө жашайт имиш.

Бул маалыматты тастыктоо үчүн редакция резиденциянын директору Адилет Билимбек уулу менен байланышты. Ал Ташиевдин "Ала-Арчада" жашаганын тастыктады, бирок кайсы үйдө экенин айтуудан баш тартты.

"№1 Мамлекеттик резиденциянын аймагында республиканын жогорку даражадагы кызмат адамдары жашашат, анын ичинде УКМКнын төрагасы дагы. Коопсуздукту сактоо максатында, анын кайсы үйдө жашагандыгын айта албайм. Белгилей кетчү жагдай, жогоруда аталган адамдар жашаган объектилердин бардыгы мамлекеттин менчиги болуп саналат", - деди Билимбек уулу.

Эмне үчүн Ташиев резиденцияда жашап жатат, ал жакта жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкерлер- президент, Жогорку Кеңештин спикери жана министрлер кабинетинин төрагасы гана жашай алат эмеспи? - деген суроого "Ала-Арчанын" директору жооп берген жок. Болгону УКМКнын төрагасы коммуналдык кызмат үчүн өзү төлөй турганын белгиледи.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Кыргызстандын Коммунтисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Абсамат Масалиевдин уулу Исхак Масалиев алар резиденциядан апасы Хайрыхан Козубаева каза болгондон кийин көчүп кеткенин билдирди.

Анын айтымында, совет мезгилинде резиденцияда 15ке чукул үй бар болчу. Андан тышкары 3-4 мейманкана да эске алынган.

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев резиденцияда эле иштеп, өзүнө кабинет уюштуруп алган. Мында рациионалдуу жагы да бар болчу, ал шаар ичин кыдырып, тыгындарды жаратчу эмес. Андан тышкары резиденциянын абасы таза, климаты жагымдуу", - деп экс-депутат баса белгиледи.

Учурда резиденцияда Камчыбек Ташиевдин жашаганы боюнча мындай деди: "Ала-Арча президенттин ишин башкаруу башкармалыгына караштуу, ошондуктан Садыр Жапаров өз ишмердүүлүгүн камсыздоо үчүн жанына каалаган кишисин жашата берүүгө акылуу".

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3973