Милиция фотограф кыздын сабалышы боюнча комментарий берди
RU

Милиция фотограф кыздын сабалышы боюнча комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун ИИББси 2021-жылдын 26-сентябрында Аламүдүн райондук ИИБсине 2002-жылкы Б.М. аттуу жаран кайрылганын, аны башка тепкен белгисиз эркек кишиге карата чара көрүүнү суранганын билдирди.

Бул факт "майда бейбаштык" беренеси боюнча катталган.

Кол салган эркектигин өздүгү аныкталып, ал 1994-жылы туулган Э.А. экени белгилүү болгон. Ал өз күнөөсүн мойнуна алып, мындай кылыгын мас абалында болгондугу менен түшүндүргөн.

Экспертиза жабыркаган кыздын ден соолугуна жеңил жаракат тийгенин аныктады.

10-ноябрда Э.А. КРдин Жоруктар кодексинин 119-беренесинин негизинде билдирүү жөнөтүлгөн.

ИИБ белгилегендей, Массалык маалымат каржаттарындагы милиция кылмыш ишин козгогон эмес деген маалымат чындыкка жатпайт. Бул факт катталып, сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде чаралар көрүлгөн.

Эске салсак, Бишкектеги тойканалардын биринде тойго келген коноктордун бири сүрөтчу кыз сүрөттүн баасын түшүрүп бербей койгону үчүн жинденип, чуркап келип, башка бир тепкен.

"Ресторандын кызматкерлери нааразы болгон кардарды тынчтандырууга аракет кылышкан. Бирок ал жулунуп чыгып, сахнадан чуркап барып, артты карап турган кызды буту менен башка тепкен. Соккудан Марина жерге кулап түшкөн", - деп туугандар айтып беришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4281