Садыр Жапаров: Мен да Шайлдабекованы мурда жаман көрчүмүн
RU

Садыр Жапаров: Мен да Шайлдабекованы мурда жаман көрчүмүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү. Анда Бир топ маселелер каралып, президент Садыр Жапаров ведомство жетекчилерине тапшырма берди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын докладынан кийин, БШК дагы мыйзамдын негизинде иш алып барыш керектигин айтып, эмне үчүн мурунку бийликтин тушунда иштеген кадрды азыр деле БШКнын жетекчиси катары калтырып койгонун түшүндүрдү.

"Урматту Нуржамал Кармабековна, кандай гана маселе каралбасын, бардыгы мыйзамдуу болуш керек. Талаш-тартыштар боюнча биз да карап турабыз. Менин да кээде ичим ооруп калып жатат. Кап, ушул кандидатты бекер алып койду, элдин таразасына түшүп чыкса болот эле, деп. Балким, өтпөй кичине өзүнүн салмагын да билет эле. Мындай аттиң ай деген маселе калып калып атат. Бирок, сиз мыйзамдуу чечимдерди чыгарып атасыз.

Мен өткөн окуяга токтоло кетейин. Бул октябрь окуясынан кийин. Нуржан Кармабековна БШКнын төрайымы эмес беле, көптөн бери. Айрым элдер жазып атат, Шайлдабекова кетсин, анан, шайлоону мынтип атат, тигинтип атат, деп. Мен да Шайлдабекованы мурда жаман көрчүмүн. Ушул аял кылып атат бардыгын, БШК туура эмес иштеп атат деп. Анан былтыр октябрь окуясынан кийин Нуржан Кармабековнадан сурандык, барыбыз, жаңы конституцияны кабыл алып алалы, тез арада, президенттик шайлоону дайындабай туруңуз, деп. Анан жаңы система менен тарыхтын эски барагын жабалы дагы, жаңы барагы менен кетели, деп сурандык, болбой шайлоону коюп салды. Үч айдан кийинкиге президенттик шайлоону дайындады. Айла жок шайлоого бардык.

Ошондон улам, аралашып отуруп, мен түшүндүм. Демек Нуржан Кармабековнада эмес экен кептин бары. Кептин бары төбөсүнөн басып туруп алып, муну мындай, тигини тигиндей кыласың десе, көз каранды болуп, айла жок жасайт экен. Кыргызда жакшы сөз бар, балык башынан сасыйт, деген. Ошондуктан биз, башы сасыбасак, этеги жакшы эле болот экен.

Ошондон кийин мен Нуржан Кармабековнаны жаман көрсөм дагы кайра алып келип койдум. Анткени мыйзамдуулукту туу туткан, шайлоону таза өткөргөнгө күчү дагы, акылы дагы жетет экен. Ошондуктан алып келип койдум", деп президент түшүндүрмо берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4503