Садыр Жапаров Ташиев менен Зулушевге тургузуп алып тапшырма берди. Видео
RU

Садыр Жапаров Ташиев менен Зулушевге тургузуп алып тапшырма берди. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Коопсуздук кеңешинин жыйынында мамлекет башчы Садыр Жапаров мекеме жетекчилерин чакырып, тапшырмаларды берди.

Биринчилерден болуп УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге тапшырылды. Жапаров аны кабинетине чакырып, дыйкандарга бөлүнгөн кредиттер боюнча иликтөө жүргүзүү тапшырмасын берди.

Анын айтымында, дыйкандарга бөлүнгөн каражаттын 3 пайызы гана өз максатына жумшалууда. Калганын чиновниктер тартып кеткен.

Ошол акча алгандардын арасында депутаттыкка талапкерлер, мурдагы министрлер да бар.Этикага туура келбейт аткаминерлердин атын атабай эле коёюн.

Президент дыйкандарга жеңилдетилген насыяларды РСК Банк, Айыл Банк жана жеке банктар берип жатканын эске салды.

Жапаров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, "Бул жерде коррупция болушу мүмкүн. Болбосо банктар кредит бербейт эле. Бул банкирлер кимдер экенин тактагыла", - деди Жапаров.

"1-январдан тарта министрлер кабинети дыйкандарга бөлүнгөн бир сом да сол тарапка кетпеши керектигин эске алгыла. Бизнесмендер ала турган башка дагы кредиттер бар. Бул маселе менин көзөмөлүмдө болот", - деди президент.

Экинчи тапшырма Башкы прокуратуранын аппарат жетекчиси Курманкул Зулушевге берилди. Жапаров Мамлекеттик геология агенттиги менен Энергетика министрлигиндеги коррупцияга токтолду.

Ал энергетика министрлигинде электр энергиясын өчүрүүдө коррупциялык көрүнүштөр бар деп эсептейт.

"Мисалы кээ бир жерлерде үйү жок, фундаменти гана турат. Ошол үйдө киши жашайт же бир мекеменики деп, миллиондогон карыздарды төлөй албай калганын айтып, карызын кечип коюшат. Жоголуп жаткан энергияны да ушуга шылтап коюшат. Ушул эки маселени Курманкул Зулушев сизе тапшырам",- деген Жапаров.

"Алты ай ичинде биз үч жылдыкын эсептен чыктык. Ал эми тереңирээк казсаңар андан да көп чыгат", - деди Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4500