Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров СИЗОдон бошотулат
RU

Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров СИЗОдон бошотулат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңеш бүгүн, 8-декабрда Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров кылмыштуу жоопко тартуу же тим коюу боюнча атайын депутаттык комиссиянын чечимин карап чыкты.

Комиссиянын төрагасы Канат Исаевдин айтымында, 26-ноябрда генералдык прокурор Курманкул Зулушев парламентке үч депутат боюнча сунуш киргизген. Аны карап чыгуу үчүн жети кишиден турган комиссия түзүлгөн болчу.

"Иштин материлдарын жана укук коргоочу органдардын маалыматын изилдеп чыгып, комиссия Жээнбеков менен Зулпукаровдун "Кумтөр голд компани" ААКтын ишмердүүлүгү менен байланышы жок, деген бүтүмгө келген. Андан тышкары аларга карата кылмыш иши депутаттар Узакбаев, Пирматов жана Баатырбековдун көрсөтмөлөрүнүн негизинде козголгон", - деп Исаев белигледи.

Конституциянын 78- беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык ишмердигине байланыштуу айткан ой-пикирлери же Жогорку Кеңештеги добуш берүүнүн жыйынтыктары үчүн куугунтукка алынышы мүмкүн эмес. Депутатты кылмыш жасаган жеринен кармаган учурларды кошпогондо, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана аны жазык жоопкерчилигине тартууга жол берилет, деп жазылган.

"Комиссия депутаттар тез арада камактан бошотулушу керек деп чечти", - деди комиссиянын жетекчиси.

Исаевдин айтымында, Бакытбек Жетигенов боюнча чечим кабыл алынган жок, себеби комиссиянын жыйындарына анын адвокаттар жана өкүлдөру келген эмес. Чечим кабыл алынаары менен ал палатанын кароосуна киргизилет.

"Бирок белгилеп кетейин, Жетигенов да мыйзамсыз кармалган. Комиссия бул тууралуу Генпрокуратурага жазган", - деп депутат кошумчалады.

Жанар Акаев башка чиновниктер да ушак-айыңдын негизинде камакка алынгандыгын айтты.

"Бирөө жарым менен телефондон сүйлөшкөн, кафеде кимдир-бирөо бир нерсе деп айткан. Эгер бул улана берсе, анда эч ким деле калбайт. Бул туура эмес. Молдокматов, Асанов да мыйзамсыз отурушат. Андай боло турган болсо, Атамбаевди деле бошотушсун. Шайлоо өттү, Конституция өзгөрдү. Тарыхты жаңы барктан баштайлы", - деп баса белгиледи.

Талкуунун соңунда Жогорку Кеңеш комиссиянын чечимине макул болуп, 94 депутат бошотулсун деп добуш беришти. Баш аягы 102 депутат катталган. Каршы болгондор - 0.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4696