Маалымат булагы: Атамбаев, Акаев, Асанов бийликти басып алууга аракет кылды деп шектелүүдө
RU

Маалымат булагы: Атамбаев, Акаев, Асанов бийликти басып алууга аракет кылды деп шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алмазбек Атамбаев, Жанар Акаев жана Курсан Асанов бийликти басып алуу аракетин көрүшкөн. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч структураларынын кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, КР ИИМинин тергөө кызматы Алмазбек Атамбаев, Курсан Асанов жана Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев тымызын сүйлөшүп алып, курал жарак колдонуу менен бийликти басып алуу аракетин көргөн, деген ишти каттады.

Камакка алынган милициянын генерал-майору Курсан Асановдун кызыкчылыгын коргогон Икрамидин Айткулов анын жакталуучусуна чындап эле "Күч менен бийликти басып алуу аракетин көрүү" беренесинин негизинде айып тагылып жатканын кабарлады. "Асанов менен бирге иште Алмазбек Атамбаев, Жанар Акаев жана башкалар да көрсөтүлгөн. Учурда Асановдун үйүндө тинтүү жүрүп жатат, тинтүү сот тарабынан макулдашылган эмес", - деп адвокат Айткулов билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2586