Текебаевге кол салган күнү топ болуп жүргөндөргө автбустарды ким бөлүп берген?
RU

Текебаевге кол салган күнү топ болуп жүргөндөргө автбустарды ким бөлүп берген?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 10-декабрда Бишкек шаардык кеңеште президиумдун жыйыны өттү. Ага борбор шаардын мэри Айбек Жунушалиев да катышкан.

Жыйындын жүрүшүндө Кадыр Атамбаев Өмүрбек Текебевге кол салган күнү топ болуп жүргөндөргө ким муниципалдык авттобустарды бөлүп берген деп мэрден кызыгып сурады.

Шар башчысы авобустарды ШИИБ бөлүп берген, деп жооп берди.

"Топ жигиттерге эч ким автобус берген эмес. ШИИБден расмий телефонаграмма келген, анда коомдук тартипти сактоого жеке курамды ташуу үчүн транспорт керек деп айтылган. Ооба мындй иш болгон. Бирок автобустарда белгисиз жарандарды ташышкан деген далил эч жерде жок. Автобус менен милиция кызматкерлерин жеткиришкен", - деп Жунушалиев айтты.

Эске салсак, 1-декабрда белгисиздер саясатчы Өмүрбек Текебаевге кол салышкан. Кол салгандардын бири телефонун тартып алды деген маалымат тараган. Саясатчынын айтымында, алар бийликти сындоону токтот деп талап кылышкан. Саясатчы бул көрүнүштү саясий террор деп атап, президент Садыр Жапаровдон кол салууну буюрткандарды жоопкерчиликке тартууну талап кылган.

Окуядан кийин президенттин басма сөз кзыматы өлк башчысы бул ишти иликтөөнү буюрган. 2-декабрь күнү эртең менен Бишкектин ШИИБси шектүүлөрдүн бири кармалгандыгын маалымдап, ал 1998-жылы туулган жаран экени аныкталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4726