Бишкекте медиктерге арналган сүрөт тартылды
RU

Бишкекте медиктерге арналган сүрөт тартылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын 7-жатаканасынын дубалына медиктерге арналган сүрөт тартылды.

Маалыматка ылайык, КММАнын буюртмасы менен бул эмгекти скульптор-сүрөтчү Марлен Бакачиев тарткан.

"Бир нече вариант бар эле. Окуу жайдын жетекчилиги азыркы сүрөткө токтолду. Аба ырайы жакшы болбогондуктан командабыздын иши үч аптага созулуп кетти. Сүрөттүн жалпы аянты 200 чарчы метр", - деди ал.

Дубалдын бир бөлүгүндө жылмайган Адинай Мырзабекованын элеси түшүрүлгөн. 21 жаштагы Адинай коронавирус күч алып турган учурунда Бишкектеги стационарлардын биринде ыктыярчы медайым болуп иштеген. Ал былтыр, 13-июлда көз жумган. Саламаттык сактоо министрлиги анын өлүмүнө эки тараптуу пневмония илдети себеп болгонун айткан. Кызга каза болгондон кийин Эрдик медалы берилген.

Ал эми дубалдын экинчи бөлүгүндө Кыргызстандын желегинин фонунда үч медицина кызматкери жана аларга гүл сунуп жаткан кичинекей кыз көрсөтүлгөн.

Эске салсак, быйыл Олимп оюндарында экинчи орунду алган Айсулуу Тыныбековага арналган мурал да тартылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4809