"Мен шпион эмесмин". Токтобүбү Оргалча жарандыгы жана Айгүл Жапарова тууралуу айтты
RU

"Мен шпион эмесмин". Токтобүбү Оргалча жарандыгы жана Айгүл Жапарова тууралуу айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жанар Акаевдин ордуна Жогорку Кеңешке "Альянс" партиясынан депутат болуп катталган Токтобүбү Оргалча өзү тууралуу тараган маалыматка комментарий берди. Анын кайрылуусунун видеосу YouTube сайтына жарыяланган.

Анын айтымында, БШК аны Жогорку Кеңештин депутаттыгына каттагандан кийин коомчулукта ал тууралуу "түрдүү кептер" чыга баштаган.

"Мени уйгур, кытай, жада калса тыңчы деп чыгышты. Бул туура эмес. Мен Ат-Башыдан чыккан Черик уруусунун нукура кызымын. 1916-жылы Үркүн учурунда чоң атамдар Кытайга качышкан. Таятам Ат-Башынын Талды-Суу деген айылынан. Чериктерди билбесеңер, Манасчы Жүсүп Мамай да ушул уруудан экенин эскертип коеюн. Мен ошолордун небереси болом", - деди Оргалча.

Мен Кыргызстандын жарандыгын алгандан кийин дароо кытай жарандыгынан баш тарткам.

Биринчи айым менен дос деп маалымат таратышыптыр. Айгүл Жапарованы өмүрүмдө жанынан көгөн эмесмин. Мен аны кээде сыналгыдан гана көрөм. Алардын туугандарын да тааныбайм.

"Мен үчүн Жанар Акаев өз инимдей. Ал мени шайлоодо колдоду. Үгүт иштеринде Кадамжайга чейин чогуу аймактарды кыдырдык. Экөөбүздүн ортобузда эч кандай түшүнбөстүк жок. Кудайдын буйругу менен ушундай чечилип калды. Мыйзам боюнча, аялдардын квотасы менен мен келип калдым. Эч кимге өтпөй калдым деп арызданган эмесмин. Штабга да эч качан барган эмесмин", - деди Оргалча.

Аны жерден алып-жерге чаап, жаткандарын айтып, мындан көрө бири-бирибизди чукуй бербей, ишке өтөлү деп сунуштады.

Эскерте кетсек, БШК Жогорку Кеңештеги депутаттык мандаттын 30%дан кем эмесин аялдарга калтыруу боюнча токтомунун негизинде Жанар Акаевдин ордуна Токтобуба Оргалчды каттаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4811