"Уят!" Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова депутаттарга таарынышты
RU

"Уят!" Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова депутаттарга таарынышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутаттар Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова кесиптештерине таарынычтарын билдиришти.

Жогорку Кеңештин 22-декабрдагы жыйынында Карамушкина Башкы прокуратура Кодуранова экөө өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн 10 жылдан 12 жылга чейин жоопкерчиликке тартылышын талап кылып жатканын билдирди.

"Силер макулдугуңарды беришиңер үчүн сураганбыз, эч кимиңер сураган жоксуңар. Башында бизди кылмыш болгон жерден эч ким кармаган жок, биз күбө катары болгонбуз. Бүгүн Бакыт Жетигенов менен болгон окуянын баары Карамушкина менен Кодурановадан башталып, ошол кезде эле абсурддун баары башталган. Анын үстүнө [жоопко тартууга] уруксатты мурдагы башкы прокурор Жамшитов берген. Уккула, Жамшитов ыплас иттей качты. Ал республикада жок. Опумбаев кайда? Эмне үчүн Кой-Таш окуясы боюнча камакка алуу жана кылмыш ишин козгоо боюнча көрсөтмө берип, качып кетишти? Жамшитов баш прокурор болуп качып кеткен болсо, менин оюмча, иш токтоосуз жабылышы керек болчу, анткени ал өзүнүн көрсөтмөсүнө жооп берген эмес. Алардын оордуна бизди суракка алып жатышат. Бул абсурддук иш силерден башталды, урматтуу кесиптештер. Эмне үчүн бизди колдогон жоксуңар",- деп ачууланды депутат.

Асел Кодуранова Карамушкинаны колдоду.

"Бүгүн биздин акыркы иш күнүбүз. Тарых үчүн айтып коёюн. Эркектерди коё беришип, бизди аялдарды алып калышты. Мен кээ бир кесиптештерим чыгып, биздин маселени кароону сунушташат деп ойлогом. Бирок, ушунча убакыттан бери соттошуп келе жатабыз. Бүгүн дагы убакыт бар. Комиссия бар. Биз боюнча да талкуулашса болмок. Албетте өзүңөр билесиңер, бирок бул уят", - деди ал депутаттарга.

Кийинчерээк үч эркек депутат боюнча чечим чыгарган комиссиянын төрайымы Айсулуу Мамашова комиссия мүчөлөрү менен сүйлөшкөнүн билдирди. Алар өздөрүнүн ишмердүүлүгүнүн мөөнөтүн узартып, Карамушкина менен Кодуранованын сунушун кароону чечишти. Ошондуктан алар Башкы прокуратурадан материалдарды берүүнү суранышат.

Вице-спикер Аида Касымалиева көзөмөл органынын сунушун кароо үчүн Башкы прокуратура тарабынан жөнөтүлүшү керек деп жооп берди.

"Биз аларды чакырсак болот, бул биздин укугубуз. Бирок аларга эмне дейбиз? Элестетип көрдүңөбү? Андан сырткары жаңы комиссия түзүлүшү керек", - деди ал.

Карамушкина кошумчалагандай, Башкы прокуратура берген жообунда ведомствонун ал жана Кодуранова боюнча парламентке сунуштама жөнөтүүгө негизи жок экени көрсөтүлгөн.

"Ошондуктан Башкы прокуратурага кайрылуу пайдасыз. Сот дагы эч нерсе кылбай жатат. Сыягы, жогору жактан көрсөтмө күтүп жатышат", - деп баса белгиледи депутат.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңеш Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Бакытбек Жетигеновду камактан бошотуу чечимин чыгарган. Депутаттар үч кесиптешин кылмыш жоопкерчилигине тартууга Башкы прокуратурага уруксат беришкен жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4871