Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров СИЗОдон бошотулду. Видео
RU

Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров СИЗОдон бошотулду. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңештин камакка алынган депутаттары Төрөбай Зулпукаров жана Асылбек Жээнбеков бошотулду.

Жээнбеков жана Зулпукаровго карата камакка алууну жокко чыгаруу даттануусун УКМКнын тергөөчүлөру киргизген. Натыйжасында судья Ибраимова даттануунун канааттандырды.

Зулпукаровдун айтымында ал СИЗОдон бошонуп чыкканына кубанычта. Азырынча ага карата козголгон кылмыш ишине комментарий бере албайт.

"Жогорку Кеңештин чечиминин негизинде азыр чыкты, баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Учурда тергөо амалдары жүруп жатат. Ошондуктан кандайдыр комментарий берүүнүн азырынча кажети жок. Коюлган айыптар боюнча мен макул эмесмин. Сот жүрөт. Азыр бир нерселерди айтууга мыйзам жол бербейт. Асылбек Шариповичти көрө элекмин. СИЗОдон чыгып дароо эле үйгө барам", - деди Зулпукаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4713