Бактыбек Калмаматов үй камагына чыкты
RU

Бактыбек Калмаматов үй камагына чыкты

Все самое интересное в Telegram

Бишкек шаардык соту Бактыбек Калмаматовду бошотту. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын айтымында, бүгүн, 20-январда Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы Калмаматовго карата баш коргоо чарасын эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган, башкача айтканда үй камагына өзгөртүү боюнча чечим чыгарды.

Эске салсак, 22-декабрда Бактыбек Калмаматов учуп кетер алдында аэропорттон кармалганы белгилүү болгон. Жактоочунун айтымында, ал чакан ажылыкка бара жаткан. Калмаматов социалдык тармактар ​​аркылуу аймактар ​​аралык кастыкты козуткан деп айыпталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5246