"Диплому жасалма". БШК Орозайым Нарматованын мандатын жокко чыгарды
RU

"Диплому жасалма". БШК Орозайым Нарматованын мандатын жокко чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 20-январдагы отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын мандатын жокко чыгарды. Мындай чечимге ал жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы негиз болду.

Атайын кызмат 14-январда маалымат таратып, Орозайым Нарматованы окуу жайга мыйзамсыз кабыл алган деген шек менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголгонун билдирген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Нарматованын ЖАМУдагы өздүк делосунда орто кесиптик билими бар экендигин тастыктаган документтери жок болуп чыккан. Мындан тышкары, сессияларды жана тиешелүү сынактарды тапшыруу учурунда Нарматова өлкөдө жок болуп, Орусияда жүргөнү аныкталганы кабарланган.

Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Боршайкомдун 20-январдагы жыйынында бул маалыматтарды ырастап, Жалал-Абад мамлекеттик университетинде комиссия иштеп, Нарматовага берилген дипломду чакыртып алуу чечими кабыл алынганын билдирди.

Орозайым Нарматова диплом чырын саясий ишмердиги менен байланыштырып жатат. Ал бул иш боюнча УКМКда сурак берип чыккан.

Улуттук коопсуздук комитет (УКМК) президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 24-январдан баштап мамлекеттик мекеме-министрликтерде иштегендердин, Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн, президенттин администрациясынын кызматкерлеринин дипломдору менен жарандыгын текшерип баштайт. Бул текшерүү үч айга созулуп анын алкагында ушул эле документтер Жогорку Кеңештин, жергиликтүү жана шаардык кеңештеринин депутаттарынан да текшерилет.

Атайын кызмат жасалма документтери бар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди, бардык деңгээлдеги депутаттарды ээлеген кызматын өз ыктыяры бошотууга чакырды.

Маалымат azattyk.org сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5247