Садыр Жапаров Орозайым Нарматова жөнүндө: Чүкөдөй кызга эрегишет белем?
RU

Садыр Жапаров Орозайым Нарматова жөнүндө: Чүкөдөй кызга эрегишет белем?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

23-октябрда Садыр Жапаров жыл жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйынын өткөрүп, Орозайым Нарматова боюнча суроого жооп берди.

Суроо: Эки ай мурун Орозайым Нарматова камакка алынган, аны кылмышкер катары алып келишти. Андан кийин ИИМден Россияга чыгарып кетишти. Мурда ал сизди колдочу эмес беле?

Орозайым Нарматова боюнча. Силер ойлойт окшойсуздар, эл журт, журналисттер, мен отуруп алып эле "тигини карма, муну карма", деп эле отурат деп. Кечирип коюңуздар, айрым учурда убакыттын жоктугунан туалетке барганга убакыт жок болуп калат менде. Эми айтышка туура келип жатат, кечиресиздер. Орозайым Нарматова убагында менде иштеген, көп жардам берген. Мен ушу кыздын критикалаганына, чүкөдөй кызга эрегишет белем? Өзүңүздөр деле мындай анализдеп, ойлоп көрсөңүздөр. Мен баламды деле бычырата тебелеп кеткен адамды деле кечирип койгонмун. Кой эми, Кудайдын кырсыгы экен деп. Анан ушу кызга теңелет белем? Мен тескерисинче ИИМге чалып, айттым. Мен муну кеч билдим. Мен Турциядан келген делегация менен көлдө жүрдүм эле. Айтып калышты, ушундай ызылдап жатышат, Орозайым дегенди камап коюшуптур, деп. Анан ИИМге чалып, мен тескерисинче сурандым. Мен камагыла дебейм, тескерисинче кое берип койгулачы, ата-энеси бар экен карыган, жаш баласы бар экен, деп суранам көпчүлүк учурда. Кама деп эч убакытта айтпаймын. Чалып айттым: кылмышы эмне экен десем, чакырыктары бар, дейт. "Көтөрүлгүлө, намыстуу жигиттер барбы", деп эле чакырууларды кылып жатат, ошого чакырап, сурайлы дедик, дейт. Анан мен айттым, сурап эле чыгарып койгула, камабагыла деп. Анан чыккандан кийин Россияга кетишине мен түрткү болгонмун.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4037