Садыр Жапаров Болот Темировдун иши боюнча комментарий берди
RU

Садыр Жапаров Болот Темировдун иши боюнча комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров иликтөөчү журналист Болот Темировдун иши боюнча комментарий берди.

"Мыйзам алкагында жүргүзүлгөн кандай гана кесиптик ишмердүүлүк болбосун, анын ичинде журналисттик ишмердүүлүк дагы, басым-кысымдын тигил же бул түрүнө себеп болбошу керек. Ар бир иш бардык жагдайларды эске алуу менен калыс иликтениши зарыл. Болот Темиров жана башкалардын баңгизат менен кармалгандыгына байланыштуу иштердин адилет тергелишине толук көз салып турам.

Ошол эле убакта журналисттерден дагы жалпы элдин алдында бирөөнү жөнү жок каралап, айып койгондон алыс болсоңуздар деп суранып кетет элем. Бир нерсе айтардан мурда чын-аныгын тактап алып, жоопкерчиликти сезип, анан чыгарып туруңуздар.

Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында өзүнө карата каралоонун толук жалган экенин ийне-жибине чейин түшүндүрүп бериптир. Азыр мамлекеттик ар бир ишкана мурдагыдай жашыруун иштебейт. Баары ачык. "Керек болсо бир нече оппозициялык журналисттен турган комиссия түзүп, текшерип келгиле, биз шарт түзүп берели",- деп эң туура айткан. Текшергенге толук мүмкүнчүлүгүңөр бар. Бизде баары ачык. Мындан ары журналистсиңби, чиновниксиңби же жөнөкөй жарансыңбы – баарыбызга мыйзам бирдей иштейт",- деп билдирген президент.

Эске салсак, иликтөөчү журналист Болот Темиров күч органдары тарабынан кармалган. 22-январдын кечинде анын редакциясынын кеңсесине бир нече тергөөчүлөр жана спецназдын жоокерлери киришкен. Баарын жерге жаткырып, укук коргоо кызматкерлери Болот Темировдун арткы чөнтөгүнөн кочкул жашыл затты алып чыгышканы айтылууда. Бирок бардык күбөлөр бул затты күч органдары өздөрү койгонун айтышууда. Болот Темировго каршы арыз жазылганы да белгилүү болду.

Мунун баары "Temirov Live" журналисттери "Ташиевдер кланы" иликтөөсүн жарыялап, үй-бүлө мүчөлөрү кантип "Кыргызстанда мунай магнаттарына" айланганын иликтеп жарыялагандан кийин болду. Социалдык тармактын колдонуучулары болуп жаткан окуяларга нааразы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5288