Күндүн сүрөтү. Камчыбек Ташиев Темировдун иликтөөсүндөгү ишкана кандай иштерин түшүндүрөт
RU

Күндүн сүрөтү. Камчыбек Ташиев Темировдун иликтөөсүндөгү ишкана кандай иштерин түшүндүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 23-январда Камчыбек Ташиев Болот Темировдун иши боюнча маалымат жыйынын берип жатат.

Темировдун иликтөөсүндө айтылган ишкана кандай иштеп жатканын айтып берүүдө.

Анын айтымында, "Кыргызнефтегаз" ишканасы өзү өндүрүш менен алектенип, 2020-жылы 564 миллион сом, 2021-жылы 2,3 миллиард сом киреше тапкан. 2020-жылы КПК 40 миллион сомго, ал эми 2021-жылы 200 миллион сомго киреше алып келген.

"Мунун баары коррупциялык элементтер жок кылынгандыктан жасалды. Кыргызстанда көп жылдар бою бул заводдордон мындай пайда калган эмес. Мындай көрсөткүчтөргө кубанышыбыз керек", - деди Ташиев.

Ал белгилегендей, келечекте 3 миллиард сомго чейин пайда алуу милдети турат.

"Заводдун инфраструктурасын жакшыртып, мамлекеттин акчасына эмес, инвесторлордун жардамы менен заманбап завод курууну көздөп жатабыз. Бул үчүн тогуз гектар жерди бөлүп берүү пландалып жатат", - деди Ташиев.

Ал кошумчалагандай, КПКнын лидерлери максаттарына жетпесе же кирешеси азайса, алар жоопкерчиликке тартылышат.

Бир күн мурун Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын атайын отрядынын кызматкерлери Temirov Live басылмасынын редакциясынын кеңсесине кармап кетүү үчүн келишкен. Алар Болот Темировду кармап, андан ташкары журналисттердин иштеген компьютерлерин жана башка маалыматты сактоочу жабдыктарды да кошо алып кетишкен. Журналист баңгизат сатууга шектелип жатканы айтылууда. Бирок, Бишкек ШИИБи да, Ички иштер министрлиги да бул маалыматты расмий тастыктай элек.

Бир гана борбор калаанын ички иштер башкармалыгы иштин чоо-жайы көрсөтүлбөгөн кыскача комментарий берди.

Кармалган журналистин канын анализдик текшерүүдөн өткөргөндө баңги зат колдонулган эмес деген жыйынтык берген.

Журналист Болот Темировдун айтымында бул кармоо иши УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин жакындарынын күйүүчү май бизнеси боюнча иликтөөсүн жарыялагандан кийин жүргүзүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5277