Болот Темировдун иликтөөсү. Ташиевдин реакциясы
RU

Болот Темировдун иликтөөсү. Ташиевдин реакциясы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 24-январда, министрлер кабинетинин басма сөз кызматы журналисттер үчүн Жалал-Абад облусундагы "Кыргыз Петролеум Компани" заводуна эки күндүк пресс-тур уюштурду. Мунун бардыгы Камчыбек Ташиевдин аты аталган ызы-чуунун фонунда ишке ашырылып жатат.

"Кыргыз Петролеум Компани" заводу жарым-жартылай мамлекетке таандык. Негиздөөчүлөрдү бири "Кыргызнефтегаз" ААК мамлекеттик ишканасы, экинчи негиздөөчүсү "Петрофак ресорсез Интернейшнл Лтд" чет элдик катыштыгы бар жеке менчик компания.

Заводду 31-жашшар Байгазы Матисаков жетектейт. Ал Камчыбек Ташиевдин жээни.

Болот Темировдун журналисттик иликтөөсүндө "Кыргыз Петролеум Компани" заводунун продукциясын Өзбекстанга Region Oil деген ортомчу компания жеткирип берет деп айтылган.

Ортомчу компания мамлекеттик заводдун продукциясын жеткирип бергендигинин эсебинен эки эселенген киреше табат. Мына, ушул жерде Камчыбек Ташиевдин үй бүлөсүнүн тийиштиги бар экендиги көрсөтүлөт.

Иликтөө жарыяланганына бир нече күн болгондон кийин журналист-иликтөөчү Болот Темировду баңгизатын жасаган деп айыптап, атайын кызмат камакка алат. Атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиев эртеси пресс-конференция уюштуруп, журналисттик иликтөөдөгү жүйөөлөрдү жокко чыгарууга аракет кылды. Бирок көпчүлүк анын айткандарына анчейин ишенбегендей.

Андан кийин министрлер кабинетинин басма сөз кызматы каалоочуларга заводго эки күндүк пресс-тур уюштурду.

Эмнелер дал келишпей жатат?

Жогоруда сөз болгон чуулгандуу журналисттик иликтөөдө "Кыргыз Петролеум Компани" заводунун жана Камчыбек Ташиевдин туугандрынын кызыкчылыгы тууралуу айтылган. Эгер "Кыргыз Петролеум Компани" заводунда мамлекеттик үлүштүн бар экениндигин эске алганда дагы, компания пресс-турду уюштуруу үчүн жеке ресурстарын колдонуш керек болчу.

Бирок, бул кырдаалда компаниянын кызыкчылыгын коргоого мамлекеттик ресурстар колдонулду, б.а. журналисттерге пресс-турду министрлер кабинетинин басма сөз кызматы уюштуруп жатат.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы бул иш чара кимдин эсебинен каржыланып жаткандыгын ачыктаган жок.

Андан тышкары, журналисттик иликтөөдө заводдун өзүнүн ишмердүүлүгү боюнча эч кандай кеп козголгон эмес. Сөздүн бардыгы, мамлекеттик мекеме өндүргөн продукцияны ортомчу компания чет өлкөгө сатып, эки эселенген киреше таап жаткандыгы жөнүндө болчу (пресс-конференциянын жүрүшүндө Ташиев бул суроого жооп берүүгө да аракет кылган эмес).

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5301