Бишкекте мектептин ичине башка бут кийим кийүү системасы кирет
RU

Бишкекте мектептин ичине башка бут кийим кийүү системасы кирет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Долбоордун максаты имарат ичинде тазалыкты сактоо, окуучуну өзүн алып жүрүү маданиятына жаштайынан көндүрүү болуп саналат.

Ордо калаанын үч мектебинде бут кийим алмаштыруу боюнча пилоттук долбоор иштей баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, бут кийим алмаштыруу долбоору азыркы тапта Свердлов районундагы №21, Биринчи май районундагы №81 жана Ленин районундагы №84 орто мектептеринде иштеп жатат. Аларда шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан бут кийим үчүн шкафтар коюлуп, балдар мектепке бут кийимдерин бакчадагыдай алмаштырып киришет.

"Билим берүү жайларынын администрациялары ата-эне жана окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Демилгени ата-энелер колдоп, каршы пикир айтылган эмес", - деп жазылат маалыматта.

Долбоордун максаты имарат ичинде тазалыкты сактоо, окуучуну өзүн алып жүрүү маданиятына жаштайынан көндүрүү болуп саналат.

Булак: Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5550