Ысык-Көлдө тогузунчу класстар сегизде окуган окуучуну сабап салышкан
RU

Ысык-Көлдө тогузунчу класстар сегизде окуган окуучуну сабап салышкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун Орто-Өрүктү айылында 8-класстын окуучусу ур токмокко алынган. Бул тууралуу Katus.kg'ге күч структураларынан билдиришти.

Ысык-Көл облусунун ИИБси берген маалыматка ылайык, кечээ, 3-фервалда Ананьево айылындагы милиция бөлүмүнө Орто-Өрүктүнүн тургуну кайрылган. Анын айтымында, 2-февралда 2008-жылы туулган уулун мектептен сабап кетишкен.

Жабыркаган окуучу 9-класстын үч окуучусу менен мушташа кеткени белгилүү. Бирок ал мушташтын себебин жана аны урган балдардын аттарын атоодон баш тартууда.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүу экспертизалар дайындалды. Мектепте окуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Кол салгандардын өздүгү аныкталууда.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5464