Окуучунун бутун сындырган директорго кылмыш иши козголду
RU

Окуучунун бутун сындырган директорго кылмыш иши козголду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кара-Суу районундагы № 83 Алишер Новои атындагы мектептин мугалимине 8-класстын окуучусунун бутун сындыра тепкени үчүн кылмыш иши козголду.

Бул маалыматты Ош облустук ИИБнын маалымат кызматынын жетекчиси Жеңиш Аширбаев кабарлады.

Окуя боюнча жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен мугалим И.У.га КР Кылмыш жаза кодексинин 131-беренесинин 2-бөлүмүндөгү 3-пунктуна (денеге атайылап оор эмес зыян келтирүү) ылайык, кылмыш иши козголду.

"Учурда шектүүгө айыбы угузулуп, андан бөгөт чарасы катары эч жакка кетпөө тууралуу тил кат алынды", - деди Аширбаев.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 26-январында, дене тарбия мугалими (мектеп директору да болгон) сабак учурунда окуучуну сабакка катышуусун талап кылып, бутуна тепкен. Андан баланын тизеси сынганы айтылат. Мындан улам окуучу ооруканага түшкөн. Ал эми мугалим мектеп директору болгондуктан, арыз жазып, иштен кеткени кабарланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5517