Өкмөт 17 медициналык окуу жайды жаба турган болду
RU

Өкмөт 17 медициналык окуу жайды жаба турган болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз өкмөтү өлкөдөгү медициналык багытта билим берген 24 окуу жайдын он жетисин жабууну көздөөдө. Саламаттык сактоо министрлиги алардын талапка жооп бербей турганын azattyk.org басылмасына айтып берди.

Кыргызстандагы медициналык окуу жайлардын санын кыскартуу демилгесин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев айтып чыкты.

Ал "Азаттыкка" курган маегинде өлкөдө медициналык багытта билим берген 24 окуу жайдын 17си жабыларын айтты.

"Азыр бул бизнеске айланып, колунан келгендердин баары эле институт-университет ачып алды. Бул абдан чоң акча. Бирок сапаты абдан начар болуп калды. Бизди 10-15 жылдан кийин ким дарылайт, ошону ойлонушубуз керек. Окубай эле "зачет" алып, эптеп-септеп бүткөн дарыгерлер кийин биздин генофондго абдан зыян келтирет".

Министр ар бир окуу жайды жеке өзү текшерип чыкканын, профессордук-окутуучулар курамы жана клиникалык базасы талапка жооп бергендери гана калтырылып, калгандары жабыларын кошумчалады.

Кайсы окуу жайлар жабылат?

Министрликтин маалыматы боюнча төмөнкү окуу жайларды жабуу чечими кабыл алынган.

  • АДАМ университети;
  • Саткынбай Тентишев атындагы Азия медициналык институту;
  • Эл аралык медицина жогорку мектеби;
  • Кыргызстандын Эл аралык университетинин медицина институту;
  • Салымбеков университети;
  • "Авиценна" эл аралык медицина университети;
  • ЕУ Эл аралык медицина университети;
  • Эл аралык медицина университети;
  • Роэль Метрополитен Университети;
  • АВС Академиясы;
  • Эл аралык Медицина жана илим университети;
  • Эл аралык Илим жана бизнес академиясы;
  • Бишкек Эл аралык медицина институту;
  • Медико-социалдык илим-изилдөө институту;
  • Кыргыз Медико-социалдык институт;
  • Ош Эл аралык медицина университети;
  • Эл аралык "Ала-Тоо" университетинин медиктерди даярдоо багыты.

Алымкадыр Бейшеналиев бул окуу жайлар 1-апрелге чейин клиникалык базасы бар экенин далилдеши керектигин айтууда. Бул мөөнөткө чейин далилдей алса гана алардын тагдыры дагы бир жолу каралмакчы.

Бул окуу жайлардын кожоюндарынын арасында таасирдүү адамдар бар экенин белгилеген министр Бейшеналиев кыскартуу жараяны оңой эмес болорун эскертүүдө:

"Алардын арасында депутаттар, олигархтар, мурдагы премьер-министрге чейинки адамдар бар. Алар каршылык көрсөтөрүн түшүнүп турабыз. Буга чейин Жумабеков (Сабырбек Жумабеков-ред) миң кишини митингге чыгарса, бул жолу жүз миң кишини алып чыгышы мүмкүн".

Билим берүү министрлиги буга каршы

Билим берүу министрлигини айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлиги медицина багытындагы окуу жайларды жаба албайт, себеби тиешелүу лицензияларды Билим берүү министрлиги берет.

"Лицензиялык талаптар үч ирет бузулса, лецензияны жокко чыгруу маселеси көтөрүлөт. Мыйзам боюнча ал окуу жайларды жөн эле жааап койгонго болбойт", - деп министрликтен билдиришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5620