Доллардын курсу 100 сом болобу? Доллар сатылбай калдыбы?
RU

Доллардын курсу 100 сом болобу? Доллар сатылбай калдыбы?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Украиндагы окуялар Кыргызстандын экономикасына кандай таасирин тийгизет деген суроого комментарий берип жатып, "Кыргызстанда бардыгы ички жана тышкы саясий кырдаалдан көз каранды, анын ичинде финансылык абалы дагы", - дейт "Альянс" акча алмаштыруу бюролор ассоциациясынын төрагасы Думан Рыскулов.

Анын айтымында, бир күндүн ичинде рубльдин долларга карата 8 позицияга төмөндөдү. Албетте бул көрүнүш Кыргызстандын экономикасына да таасирин тийгизет.

"Азыркы тапта долларга суроо-талап жогорулап, элдин бары аны сатып алууга шашылып жатышат. Мындай көрүнүш көп эле болот. Өзгөчө АКШ менен Европа Россияга карата санкцияларды киргизе баштаганда. Ушул эле нерсе 2018-2019-жылдары да болгон", - деп ал эскертти.

Азыркы тапта, биздин рынок Улуттук Банктын билдирүүсүн күтүүдө. Алар өз позициясын айууга тийиш.

Рыскулов рынок финансы регулятору тарабынан интервенцияга муктаж экендигин белгиледи.

"Интервенция сөзсүз жүргүзүлсө керек, бирок качан жана кандай көлөмдо белгисиз болуп жатат. Менимче, бааны теңдештирүу максатында күндүн экинчи жарымында", - деп эксперт түшүндүрдү.

Америкалык валюта бир күндө 100 сомго чейин көтөрүлуп кетиши мүмкүнбү, деген суроого төмөнкүдөй жооп берди:

"Доллар 100 сомго чейин көтөрүлөт дегенден алысмын. Бирок сөзсүз кымбаттайт. Бизде рынокту толтуктап турган эмигранттык акча которуулар бар экенин да эске алышыбыз керек", - дейт акча алмыштруу бюролордун ассоциациясынын төрагасы.

Рыскулов акча алмаштыруучу жайларда доллар бар экенин айтып, алар алмаштыруудан баш тартып жатканы менен бул убактылуу көрүнүш экенин белгиледи.

Ошол эле тапта, КРдин Финансы министри банктарга доллар сатууга тыюу салды деген билдирүү Kaktus.kg'ге келип түштү. Бирок коммерциялык банктардын расмий сайттарында бул тууралуу эч кандай маалымат жок.

Маалыматты банктын бөлүмдөрүндо жана кассаларында айтып жатышат.

Финансы министрлиги азырынча эч кандай комментарий бере элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5692