Путин Донбаста "атайын аскерий операция" башталганын жар салды. Материал толукталат
RU

Путин Донбаста "атайын аскерий операция" башталганын жар салды. Материал толукталат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын президенти Владимир Путин, Москва убактысы боюнча саат 05:30да Донбасстагы эскалациянын фонунда чукул кайрылуу жасады. Кайрылууну "Россия-24" түз алып берди, деп "Новая газета" жазды.

В обратном порядке
Только важное
09:23
24.02.2022

Россиянын президенти НАТО Батыш тарапка кеңейүүнү көздөп "кызыл чийинден өтүп кетти", ал эми Украинанын милитаризациясы Россияга мамлекет катары коопчулук жаратууда, деп билдирди.

"БУУнун Уставындагы 51-беренеге, Федерация Советинин санкцияларына ылайык, <…> мен атайын аскерий опреацияларды өткөрүү чечимин кабыл алдым <…> Биз Украинанын демилитаризациясына жана денацификациясына умтулабыз. <…> Украинаны оккупацияга алуу биздин планга кирбейт", - дейт Путин.

Ал ортодо, ЖМКлар Киев, Одесса, Харьков жана Украинанын башка шаарларында жардыруулар болуууда деген маалыматтарды берип жатат.

10:44
24.02.2022

АКШнин президенти Джо Байден дүйнө "Россияны жоопкерчиликке тартат" деп жар салды. БУУнун генералдык катчысы Антониу Гутерриш Украинада согуш башталса, Россия олуттуу жоготууларга туш болот, деп эскертүү берди.

Россиянын БУУдагы өкүлү Василий Небензя болуп жаткан окуяларды согуш деп атоого болбой турганын, бул атайын аскерий операция экенин белгилеп, жоопкерчилик киевдик жетекчилерде деди.

CNN'дин журналисти америкалык администрация өкүлүнө шилтеме берип, "АКШ жана өнөктөштөр бейшемби күндөн тартып толук масштабдуу санкцияларды киргизе турганын пландоодо" деп твиттерге жазган.

10:55
24.02.2022

Украинанын президенти Владимир Зеленский кайрылуу жасады:

"Урматтуу Украинанын жарандары!

Бүгүн эртең менен Путин Донбасста атайын аскерий операция баштала турганын жар салды.

Россия биздин аскерий инфраструктурабызга, чек арачыларыбызга жана чек ара отряддарына сокку жасады. Украинаны көп шаарларында жардыруулардын добушу угулду.

Биз өлкө боюнча аскерий кырдаалды киргизебиз.

Бир мүнөт мурун АКШнин президенти Байден менен сүйлөштүм. АКШ эл аралык колдоону чогултат.

Азыркы тапта ар бириңердин сабырдуулугуңар керектелет. Колдон келишинче үйдө болууга аракет кылгыла. Биз иштеп жатабыз. Аскер иштеп жатат. Украинанын коопсуздук сектору толугу менен кызматта. Мен, СНБО, Украинанын министрлер кабинети ар дайым байланыштабыз. Жакын арада кайрадан байланышка чыгам. Паникага алдырбагыла.

Биз күчтүүбүз. Биз бардыгына даярбыз. Биз бардыгын жеңип чыгабыз, анткени биз - Украинабыз. Украинага даңк!"

10:59
24.02.2022
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү

Кыргызстандын Украинадагы консулдук кызматынын департаменти берген маалыматка ылайык, өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаган кыргызстандыктар элчиликке кайрыла алышат. Элчилик кайрылгандардын бардыгына жардам берет.

12:38
24.02.2022

Reuters басылмасы Киевден чыга бериштин сүрөтүн жарыялаган. Берилген маалыматка ылайык, айрым адамдар шаардан чыгып кетүүгө аракет кылып жатышат. Бийлик элге кайрылып паникага алдырбоону суранды.

12:54
24.02.2022

"Рубль менен Россиянын рыногу Мосбиржа аныктаган чекке чейин урап түштү. Учурда эч кандай соодалашуу жүргүзүлгөн жок", - деп "РИА Новости" билдирди.

Рублдин курсу: евро - 95 рубль, доллар 85,6 рубль. Белгилей кетсек, кечээ эле, 23-февралда доллардын курсу 80 рублдан кымбат эмес болчу.

Бишкектин Моссоветинде рублдин куну сомдон төмөн түшүп кеткен. Акча алмаштыруучу жайлар 1 рублди 0,95тен - 0,99 сомго чейин сатып алышат. Ал эми рублди сатуу 1,02-1,03 сомго айланат.

15:37
24.02.2022
Украинадан кетүүнүн каалаган кыргыз жарандары үчүн байланыш телефондор

КР Тышкы иштер министрлиги элге кайрылып, Украинанын мыйзамдарын жана тиешелүү эрежелерин сактоону, бардык зарыл болгон жеке коопсуздук чараларын көрүүнү жана ал жакка барууну пландап жаткандар саякаттоодон баш тартууну сунуштады. Ошондой эле, ал өлкөдөн чыгууну каалаган Кыргызстандын жарандары элчиликке кайрылса жардам беришет.

Тышкы иштер министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, Кыргызстандын Украинадагы элчилиги Киев шаары, Печерский району, Редутный проспектиси, 19/34 дареги боюнча жайгашкан.

Кыргыз Республикасынын Украинадагы элчилигинин байланыш телефондору: +380 997 57 34 13, +380 442 37 03 46, +380 442 37 03 48 (элчиликтин WhatsApp номери).

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызматы департаменти: 0551 31 20 00 (ишеним телефону), 0703 42 88 65, 0709 98 34 65, 0554 06 52 15.

15:41
24.02.2022
Украина Россия менен дипломатиялык мамилелерин токтотту

Украина Россия менен болгон дипломатиялык мамилелерин токтотту. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский билдирди, деп ТАСС агенттиги жазды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5684