Рубль сомго караганда арзан. Эми мигранттар аз акча жөнөтө баштайбы?
RU

Рубль сомго караганда арзан. Эми мигранттар аз акча жөнөтө баштайбы?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Украинанын айланасындагы кырдаал дүйнөлүк экономикалык процесстерге таасирин тийгизип жатат. Кыргызстан дагы алардын катышуучусу, бирок эң негизгиси эмес. Андыктан экономикалык кризистин жаңырыктарын бир нече күндөн кийин сезебиз.

Рыноктун конъюнктурасынын эң сезимтал көрсөткүчү – бул алмашуу курсу.

Учурда Улуттук банктын расмий курсу салыштырмалуу туруктуу. Бирок, орус рубли 4,54% га арзандады.

Негизги финансылык жөнгө салуучу эч кандай интервенция жасаган эмес.

Бирок, рынок геосаясий процесстерге буга чейин эле өз алдынча реакция кылып келген.

Бишкектеги "Моссовет" валюта борбору рублди таптакыр башка курс менен сатып алып, кайра сатып жатат.

Ага ылайык, орус валютасы 1 рубль 0,95 сомдон 0,99 сомго чейин бааланса, сатуу 1,02-1,03 сомдун деңгээлинде өзгөрүп турат.

Бирок, эксперттер бул башталышы гана деп эсептешет.

Экономика профессору Төлөнбек Абдыров Kaktus.media сайтына билдиргендей, бул жаңжал Россия менен мамилеси бар бардык өлкөлөргө таасирин тийгизет. Ал эми Кыргызстандын экономикасы аябай тыгыз байланышта.

"Биз бул экономикага интеграцияланганбыз. Калктын көп бөлүгү Россия Федерациясында иштейт. Рубль эркин жүгүртүүгө чыкканда биздин мигранттар муну дароо сезишкен. Бул жолу да ушундай абал кайталанат", - деп болжолдоду ал.

Абдыров рублдин курсунун түшүшү мигранттардын жумушуна таасирин тийгизип, алар мекенине азыраак акча жибере баштай турганын кошумчалады.

Кыргызстандын тышкы экономикалык ишмердүүлүгү 70% импорттук активдүүлүктөн жана 30% экспорттук активдүүлүктөн турат.

Анын үстүнө импорт эң керектүү продукциянын 80%ын түзөт.

"Украина менен болуп жаткан окуя Россиядагы баага таасирин сөзсүз тийгизет. Баалар көтөрүлө баштайт. ЕАЭБде биз сатып алып жаткандардын баары өсөт. Эсептөөлөр доллар менен, бирок курс азыртан эле өзгөрүп жатат. Андыктан биз жакынкы эки жумада өзгөрүүлөрдү сезебиз", - деди эксперт.

Товарларды сатып алуу таптакыр жаңы баада болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5693