Чыныгы согуш жүрүп жатат. Депутат Кыргызстандын азык-түлүк запастарын текшерүүнү сунуштады
RU

Чыныгы согуш жүрүп жатат. Депутат Кыргызстандын азык-түлүк запастарын текшерүүнү сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Интернетти карагылачы, Украина менен Россиянын ортосунда чындап эле согуш жүрүп жатат. Жаз келди, эртең кризис болуп, дизель, бензин жана башкалардын баалары көтөрүлүшү мүмкүн", - деди депутат Жусупбек Коргонбай уулу Жогорку Кеңештин жыйынында.

Ал министрлер кабинетинин башчысынын же анын экономика тармагын тейлеген орун басарынын маалыматын угуу зарыл экенин кошумчалады.

"Резервде эмне бар, канча ун, буудай, дизель майы, бензин кандай абалда экенин такташыбыз керек. Аны күн тартибине киргизип, шашылыш түрдө караш керек", - деди ал.

Эске салсак, бүгүн, 24-февралда Россиянын президенти Владимир Путин элге кайрылуу жасап, Донбасста атайын аскердик операция башталганын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5698