Улуттук банк Жапаровдун кайрылуусунан кийин канча алтын сатылганын билдирди
RU

Улуттук банк Жапаровдун кайрылуусунан кийин канча алтын сатылганын билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

28-февралдан 2-мартка чейин Улуттук банк 37,1 млн. сомго 6,4 килограмм алтын куймаларын саткан. Бул тууралуу маалыматты Азаттык үналгысы Улуттук банктын басма сөз кызматына таянып билдирди.

Президент Садыр Жапаров 28-февралда кайрылуу жасап, чет элдик валюталарды сатып алып жаткан кыргызстандыктарды Улуттук банктан алтын сатып алууга чакырган. Кийин 1-мартта алтын сатып алууну каалаган жарандардын кезеги көбөйгөнүн билдирген.

Украинадагы кырдаалга байланыштуу доллардын наркы көтөрүлүп, сомдун куну арзандап жатат.

Улуттук банктын 28-февралга карата маалыматы боюнча бир грамм алтындын баасы 6 913 сомдон сатылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5789