Садыр Жапаров: Менин кайрылуумдан кийин Улуттук банкта алтын алуу үчүн кезек күчөдү
RU

Садыр Жапаров: Менин кайрылуумдан кийин Улуттук банкта алтын алуу үчүн кезек күчөдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров дагы бир жолу кыргызстандыктарга кайрылып, алардын аманаттарын алтын түрүндө сактоону дагы бир жолу сунуштады. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.

"Мен кечээ кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, акчасы барларга (бизде, Кудайга шүгүр, чет өлкөлүк банктарда же үйлөрүндө акчасын сактаган жарандарыбыз көп) акчаңарды алтын менен сактагыла, жүздөгөн жылдар бою алтын өз кунун жоготпойт дедим эле.

Бүгүндөн баштап Улуттук банкта алтын сатып алууга кезекке тургандар көбөйдү. Туура кыласыздар, чет өлкөлүк банктарда же үйдө кагаз акча менен сактагандан көрө, алтын менен сактасаңыздар, жүз жылдан кийин болсо дагы күйбөйсүздөр.

Сом менен доллар өз кунун жоготуп коюушу мүмкүн, ал эми алтын өз кунун эч качан жоготпойт",-деп жазды президент.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5772