Министрлер кабинети Ташиевдин жээнине таандык заводко бекер жер бөлүп берет
RU

Министрлер кабинети Ташиевдин жээнине таандык заводко бекер жер бөлүп берет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинети "Кыргыз петролеум компани" жабык акционердик коомуна жер өткөрүп берүүнү сунуштады. Тиешелүү токтомдун долбоору коомдук талкуу үчүн министрлер кабинетинин сайтына жарыяланган.

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна "Кыргыз петролеум компани" ЖАКына капиталдык курулуш иштерин жүргүзүү үчүн 49 жылга 9 гектар жерди акысыз бөлүп берилсин, деген тапшырма берилди. Жер тилке Жалал-Абадда, Олимпийский көчөсүндө жайгашкан.

Ал эми "Кыргыз петролеум компаниге" жер тилкесин сакталышын камсыздоо сунушу бекитилген тартипте берилди.

Мамлекеттик каттоо кызматы "Кыргыз петролеум компани" ЖАКына жер тилкесин убактылуу колдонуу укугун бекитилген тартипте каттоого тургузуга милдеттүү.

Токтомдун ишке ашырылышын президенттин чечимдерин даярдоо башкармалыгына жана президенттин администрациясынын министрлер кабинети көзөмөлдөйт.

Эске салсак, "Кыргыз петролеум компани" нефть иштетүүчү завод жарым-жартылай мамлекетке таандык. Негиздөөчүлөрдүн (учредитель) бири мамлекеттик "Кыргызнефтегаз" ААК. Экинчи негиздөөчүсү чет элдик катыштыгы бар "Петрофак ресорсез интернейшнл Лтд" жеке менчик компаниясы.

Заводду 31-жаштагы Байгазы Матисаков жетектейт. Ал Камчыбек Ташиевдин эжесинин уулу.

Болот Темировдун журналисттик иликтөөсүндө, "Кыргыз петролеум компанинин" продукциясын Region Oil аттуу ортомчу компания Өзбекстанга сатат, деп айтылат.

Бул иликтөөдөн кийин Ташиев пресс-конференция уюштуруп, компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу айып берген. Андан кийин мамлекеттин бюджетинин эсебинен журналисттерге пресс-тур уюштурган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5927