Тазабек Икрамов окуучуларга мектептен телефон колдонууга тыюу салууну сунуштады
RU

Тазабек Икрамов окуучуларга мектептен телефон колдонууга тыюу салууну сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Тазабек Икрамов мектепте жүргөн учурда телефон менен колдонууга тыюу салууну сунуштады. Мындай оюн ал бүгүн, 14-мартта, Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, окуучулар өз ара сүйлөшпөй калышкан, кечке эле телефонун тиктеп, ролик тартып отурушат. Бул алардын социализациясына жана билим алуусуна терс таасирин тийгизүүдө.

"Ар бир класста шкафчик болсун, окуучулар телефондорун ошого өткөрүп турушсун", - деп депутат белгиледи.

Комитеттин мүчөлөрү анын демилгесин колдоп, маселени иштеп чыгуу тапшырмасын министрлер кабинетине беребиз деп чечишти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5959