Икрамов: Дыйканчылык жакшы болбосо, күзүндө кыйын эле болот
RU

Икрамов: Дыйканчылык жакшы болбосо, күзүндө кыйын эле болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

10-мартта өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында Тазабек Икрамов фермерлерге бериле турган жеңилдетилген насыя тааныш-билиштерге эле берилип жатканын билдирди.

"Жазгы талаа иштери болуп жатат. Үрөөндүн баасы 80 сом болуп көтөрүлдү. Айыл чарба министри айткан үрөөндөр жок, жер семирткичтер жок. Келгенден баштап эле даярбыз деп айтып жатат, бирок эч кандай жыйынтык жок. Эртең дыйканчылык жакшы болбосо, күзүндө мындан да кыйын болот. Бул биздин өкмөткө, элге болгон саботаж.

Дыйкандарга эч кандай жеңилдетилген кредиттер берилген жок. Бары тааныш-билиш болуп атат. Мунун азыртан караш керек", - дейт Икрамов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5911