Министр болуп туруп... Депутат Алымкадыр Бейшеналиевдин жоруктарын сынга алды
RU

Министр болуп туруп... Депутат Алымкадыр Бейшеналиевдин жоруктарын сынга алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңеште саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жүрүм-турумуна реакция жасалды.

Бүгүн, 14-мартта Социалдык саясат боюнча комитет Кыргызстанда укук бузуулардын жана кылмыштуулукту алдын алуу, мектеп рэкетчилигин жоюу боюнча мектеп окуучулары менен жүргүзүлүп жаткан профилактикалык иштерди карады.

Ошол талкууда Аида Исатбек кызы чоңдор өздөрү балдарга үлгү боло албай жатканын белгиледи.

"Биз балдарга кандай үлгү көрсөтүп жатабыз? Өткөн жумада Саламаттыкты сактоо министрибиздин видеосу резонанс жаратты. Министр болуп туруп, туура эмес нерселерди пропагандалап жатат", - деп белгиледи депутат.

Эске салсак, Бейшеналиев өткөн жумада Бишкек шаарындагы Исманкулов клиникасын бошотууну талап кылып чуу жараткан. Ал Исманкуловдун өзү менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аны "лопух" деп атаган. Эгер клиника үч саатта имаратты бошотпосо, баарын талкалайм, деп убакыт берип кеткен. Андан тышкары, клиниканын кызматкеринин чачын кырып, тиштерин бирден түшүрөм деп коркуткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5964