Бейшеналиев: Тиштериңди бирден санап берем
RU

Бейшеналиев: Тиштериңди бирден санап берем

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 10-мартта саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Микрохирургия глаза Исманкулова" клиникасына келип чуу салды. Министр клиниканын ээси Алмазбек Исманкуловго телефон чалдырып, үч сааттын ичинде имаратты бошотуп коюусун талап кылды. Себеби ал жерге коронавирус инфекциясынан жабыркаган бейтаптар жайгаштырылат.

Министр клиникага текшерип келип, эч ким эч жака көчпөй эле турганын көруп ачууланган.

Ал Алмазбек Исманкулов менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аны ашатып сөккөн.

Андан кийин клиниканын өкүлүнө кайрылып, чачын кырып, тишиңди бирден санап берем, деп айткан.

"Президент Садыр Жапаров: "Исманкуловду кууп чыгып, жазала" деген. Документтерди эл аралык сотко бербегидей кылып жасатып алыптыр. Мына оорукананын директору бул маселе менен алектенчү. Клиниканын мөөнөтү бүттү. Алар мурдагыдай эле бүтүрөбүз деп ойлошкон да. Үч саатан кийин келем, бул жерде менин охранам турат. А сенин чачыңды өзүм кырам. Модный болуп кетет тим эле. Тишиңди бирден санап берем", - деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Буга чейин клиниканын корпусунда 6-шаардык оорукананын неврология бөлүмү жйгашчу. Бирок белгилүү болгондой, ал оорукана болбойт. Аны көп профилдүү №2-оорукана кылып реорганизациялашат.

Министрдин оорукананын жамааты менен сүйлөшүүсүнө жөнөкөй бейтаптар күбө болуп, видеого тартып алышкан.

Клиника мэриядан катты жакында эле алганын, бирок анда шаардык кеңештин комиссиясынын чечими жок болгонун белгиледи.

***

Эске салсак, саламаттык министри Алымкадыр Бейшеналиев "Микрохирургия глаза Исманкулова" клиникасынын жетекчилигине коронавирус инфекциясы менен жабыркагандар үчүн орун даярдоо буйругун берген. Ал эми негизги корпусунда тиешелүу багыттар боюнча бейтаптарды кабыл алуу башталмак.

Исманкуловдун клиниканын имаратын ижарага алуу маселеси бир нече жолу Бишке шаардык кеңеш тарабынан жана Бишкектин саламаттыкты башкармалыгы тарабынан көтөрүлгөн. Бирок УМИ келишимди дагы үч жылга созгон. Депутаттардын маалыматы боюнча, клиника бир квадрат метри үчүн 150 сом төлөйт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5909