Кочкордо асынып алган мугалимдин жолдошу: Сүйлөшөм деп жетишпей калдым
RU

Кочкордо асынып алган мугалимдин жолдошу: Сүйлөшөм деп жетишпей калдым

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бир нече күн мурун Нарын облусунда каргашалуу окуя болуп, башталгыч класстардын мугалими прокуратурага сурак бергенден кийин үйүндө асынып алган.

54-жашар Гулзадат Чодонованын жолдошу Калмурат Кашкелемов Kaktus.kg'ге жубайынын акыркы күндөрү тууралуу айтып берди.

Жубайы жөнүндө

- Аялым 12 жылдан бери Ак-Чий айылындагы орто мектепте иштечү. Ал Арабаев атындагы КМУну сырттан бүтүрүп, кийин баштапкы класстарга сабак берип калган.

Эки окуучусу университеттердин бюджеттик бөлүмүндө окуйт. Ал жыл сайын райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнөн грамоталарды алчу. Билим берүү министрлигинин да сыйлыгы бар. Дипломду жасатып алган дегени калп.

Гүлзадат квалификациясын жогорулатып туруу үчүн түрдүү курстардан өтүп турчу. Окуучулары менен мамилеси аябай жакшы эле. Алар 8-мартты менен, келинчегим каза болгон күнү куттуктап келишкен.

Акыркы күндөр

1-марттан 4-мартка чейин Гүлзадат мектепте иштеди. Ага чейин Нарын шаарында квалификациясын жогорулатуу боюнча кезектеги курстарын өтүп жаткан.

4-мартта, Кочкорго машинеге запчасть алганга чогуу бармакпыз. Күтүүсүз жерден прокуратурадан телефон чалып, суракка чакыртып калышты. Ал эмнеге чакыртып жатканын билген да жок. Мен аны менен чогуу барып, бирок сыртта күтүп калгам. Жубайым чыгып эле, диплому жасалма деп шектелип жатканын айтты. Текшерүү жүрүп жатыптыр деди. Ага шектелип жатасың деп эле айтышыптыр.

Эртеси күнү Гүльзадат жумушуна барган. Бардыгы жакшы эле болчу. Андан кийин улуу кызыбызга барып жолугуп келген. Себеби ал Түркияга кетип жаткан. Бир аз кызыбыздын жанында болуп, неберебизди алып калуу үчүн ишеним катты да жасатмак. 8-мартта туугандарыбыз үйгө жеткирип коюшкан, а мен малды жайытка чыгарып кеткен элем.

Өлгөн күнү

9-март күнү эртең менен кадимки иштерибизди жасап жатканбыз. Жубайым түштөн кийин иштечү, ошондуктан түшкө чейин үйдө эле болду.

Болжол менен саат 11:30да окуучулары келип куттуктап, торт алып келишиптир. Андан кийин кесиптештери да келди. Окуучуларын мектепке жөнөтүп, өзү мугалимдер менен калган. Мен алар да куттуктап келген экен деп ойлогом, короодогу жумуштарды жасап жүргөм. Бары сыртка чыкканда, жубайымдын: "Бул адилетсиздик!" - деп айткан сөзүн кулагым чалып калды. Эмне болду деп сурасам, аны жумуштан кетирип салганын айтты.

Неберемди мектепке чогултуп жаткандыктан тынч отуруп сүйлөшө алган жокпуз.

Гүлзадат идиш жууп жаткан маалда бирөө телефон чалып калды. Ал бул мектептин директору экенин айтып, телефонду коюп короого чыгып кеткен. Тууганыбыз ага телефон чалып калып, аны менен сүйлөшүп жатканбыз.

Сүйлөшүп жатканда жубайымдын кесиптештери конокко келип калышты. Мен аны чакырсам, жооп берген жок. Складдын эшиги ачык калганын байкадым. Телефондон сүйлөшүп баратып, ошол жака басып баргам. Ичине кирип Гүлзадатттын асынып алганын көрдүм. Ал жерге тизелеп кулап түшүп, тумчугуп калыптыр.

Мен кыйкырып эле, аны жиптен бошотуп, жасалма дем алдырганга аракет кылдым. Жубайымдын кесиптештери чуркап келип, колу-бутун укалай башташты. Бирок кеч болуп калган болчу.

***

Көрсө жубайымдын орду үчүн жумушунда конфликт болгон экен. Анын ордуна башка мугалимди алып келип, мектептин директору аны жамаатка тааныштырыптыр. Каза болгон күнү эртең менен директор аялыма дипломуң жасалма деп айтыптыр. Андан тышкары 10 миллион сом өлчөмүндө штраф төлөйсүң, деген экен. Коллектив биздикине жумуштан эмнеге кетирди деп сураганы келиптир. Белгилей кетсем, анын диплому жасалма экени далилдене элек болчу.

Директор аялымды кысымга алып, мурунку число коюп, эбак эле жумуштан кеткен аттуу кылам деп аракеттенип жүрүптүр. Мен аялым менен сүйлөшүп жетишпей калдым.

Бул ишти алып барган тергөөчү жумушка чыкпай эле. Директор болсо ооруп жаткан имиш. Балким, күнөөсүн сезип жатышкандыр, ошого жашынып жатышат.

Мен укук коргоочу органдарга кайрылып аялымды өлүмгө жеткиришти деп арыз жаздым.

Эмнеге аялымды жумуштан кетирип, башканы анын ордуна алышат? Ал мугалим бул жактык эмес. Жумушка келгенге 25 км жол жүрүш керек.

Аялымдын өзүнө кол салуусуна мектептин директору күнөөлү деп эсептейм. Райондук билим берүүнүн да буга тиешеси бар.

Буга чейин да ушуга окшош окуя болгон болчу. Директор бир мугалимди жумуштан кетиргенде, анын окуучусу эжейин ордуна кайтаргыла деп өзүнүн кан тамырын кескен экен. Бул окуяны да жаап жашырышкан.

Биздин төрт балабыз бар болчу. Биринчи уулубуз рак оорусунан каза болгон, экинчиси авария болуп кырсыктап андан айрылдык. Эки баласынын өлүмүн баштан кечирген аял кантип дипломдун айынан өзүнө кол салсын? Демек аны ошого жеткиришти!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6006